Казакстан Орусияга берген 11 миң гектардык аянтты кайра алды

Казакстан Байконур базасы үчүн Кызылорда аймагындагы 6 миң 717 метр квадраттык аянты менен Байконур шаарын 2050 – жылга чейин Орусияга арендага берген болчу.

Казакстан Орусияга берген 11 миң гектардык аянтты кайра алды

Казакстан Байконур космостук базасы үчүн Орусияга арендага берген аянттын 11 миң гектардык бөлүгүн кайра алды. Коргонуу, авиациялык жана космостук өнөр жай министрлиги берген жазуу түрүндөгү маалыматта Орусия менен Казакстандын ортосунда 1994 -  жылы 10 -  декабрда кол коюлган Байконур космостук базасынын аренда келишиминде өзгөрүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу протоколдун кабыл алынгандыгын белгиледи. Маалыматта протокол боюнча Акай жана Торетам кыштактарынын арасындагы 11 миң гектардык аянттын Байконур үчүн Орусия арендага алган аянттан чыгарылып социалдык жана экономикалык базисинин өнүктүрүлүшү үчүн Кызылорда аймагына берилгендиги билдирилди.

Казакстан жана Орусиянын саламаттыкты сактоо министрликтеринин арасында кол коюлган жана Байконур шаары менен тегерегиндеги Торетам жана Акай кыштактарынын тургундарына саламаттык сактоо кызматынын берилиши күтүлгөн келишимге да өзгөртүүнүн киргизилгендиги белгиленди.

«Протокол Байконурда Торетам жана Акайда башаган казактар үчүн саламаттыкты сактоо системасынын жакшыртылышын күтүүдө»,- деп айтылды маалыматта. Казакстан Байконур базасы үчүн Кызылорда аймагындагы 6 миң 717 метр квадраттык аянты менен Байконур шаарын 2050 – жылга чейин Орусияга арендага берген болчу.

 

 

 



Тектеш кабарлар