Казакстан 2021 - жылы паспорттор латын алфавити менен чыгарылат

Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Эрлан Кожагапанов паспорт жана күбөлүктөрдүн 2021 -  жылдан баштап латын тамгалары менен чыгарыларын айтты.

Казакстан  2021 - жылы паспорттор латын алфавити менен чыгарылат

Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Эрлан Кожагапанов паспорт жана күбөлүктөрдүн 2021 -  жылдан баштап латын алфавити менен чыгарыларын айтты. Эрлан Кожагапанов министрлер кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө даярдалган «Латын алфавитине өтүү планынын» биринчи баскычынын 2018 – 2020 -  жылдарды камтый тургандыгын жана бул процессте ченемдик жана мыйзамдуулуктун негизинде жаңыланышы тууралуу иштердин аткарыларын билдирди.

Латынчанын негизинде туура жазуу эрежелеринин өнүктүрүлөрүн белгилеген Кожагапанов латын алфавитине өтүү үчүн маалымат технологияларынын даярдаларын белгиледи. Кожагапанов латын алфавитине өтүүнүн экинчи баскычынын 2021 – 2023 – жылдарды камтыгандыгын билдирип : «Бул баскычта паспорттор менен күбөлүктөрдүн жана башка документтердин латын алфавитинде берилишин пландап жаткан. Латын алфавитине өтүү үчүн адистердин катышуусу менен курстар семинарлар өткөрүлөт»,- деди.

Латын алфавитине өтүүнүн үчүнчү баскычына  2024 – 2025 – жылдары өтүлөрүн айткан Кожагапанов бул баскычта мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик басма сөз органдарынын латын алфавитине өтөрүн билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жылы октябрь айында криллица алфавитинен латын алфавитине өтүү тууралуу жарлыкка кол койгон болчу.

 



Тектеш кабарлар