Азербайжан президентин шайлоо үчүн добуш берүүдө

Шайлоону 59 өлкө, 60 эл аралык уюмдан 890 чет элдик, 58 миң 175 жергиликтүү байкоочу иликтөөдө.

Азербайжан президентин шайлоо үчүн добуш берүүдө

Азебайжанда президентти шайлоо үчүн добуш берүү саат 08:00дө башталды.

Азербайжандыктар кайрадан талапкер болгон азыркы президент Илхам Алиев да болгон 8 талапкердин арасынан өлкөнү 7 жыл башкара турган жаңы президентти шайлоо үчүн добуш берүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда өлкөдө 5 миллион 309 миң катталган шайлоочу бар.

Шайлоо үчүн өлкө ичинде жана өлкө тышында 5 миң 641 үкөк курулду.

Өлкө тышында жашаган Азербайжан жарандары добуштарын жашаган өлкөлөрдөгү Азербайжан элчилигинде курулган үкөктөргө салышат. Шайлоону 59 өлкө, 60 эл аралык уюмдан 890 чет элдик, 58 миң 175 жергиликтүү байкоочу иликтөөдө.

Өлкөнүн басма сөзү жана 21 өлкөдөн 118 чет элдик журналист да шайлоону иликтөөдө.

Добуш берүү иши жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө аяктайт.

Шайлоодо Жаңы Азербайжан партиясынын талапкери азыркы президент Алиев менен бирге Бириккен Азербайжан элдик фронт партиясынын талапкери Кудрет Хасангулиев, Социалдык  демократ партиясынын талапкери Араз Ализаде, Азербайжан улуттук жаралуу кыймыл партиясынын талапкери Фереж Кулиев, Азербайжан элдик фронтундагы оппозициячылдардын талапкери Рази Нуруллаев, Заманбап Мүсават партиясынын талапкери Хафыз Нажыев, көз карандысыз талапкер Захид Оруч менен Демократ партиясынын талапкери Сердар Меммедов ат салышууда.

 

 



Тектеш кабарлар