Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү

Өзбекстан менен Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган 1991 -  жылдан бери  келише албаган 217 километрдик чек ара үчүн кайрадан жолугушту.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү

Өзбекстан жана Кыргызтан өкмөттөрү тарабынан чек аралардын такталышы максатында түзүлгөн орток иш алып баруу группасы талаш  - тартыштуу аймактар тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Өзбекстан менен Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган 1991 -  жылдан бери  келише албаган 217 километрдик чек ара үчүн кайрадан жолугушту.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда эки өлкө өкмөттөрү тарабынан курулган орток иш алып баруу группасы өлкөнүн Наманган шаарында жолугушкан тараптардын ортосунда андан мурда макулдашуу түзүлө албаган чек ара аймактарына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Маалыматка караганда иш алып баруу группасы эки өлкөнүн ортосунда өткөн жылы кол коюлган орток чек ара келишимине кирбеген аймактардагы чек ара сызыгынын белгиленишине байланыштуу иш алып барышты.

Бири бирин түшүнүү жана жакшы коңшулук карым  - катнаштарынын негизинде өткөн сүйлөшүүдөн кийин Өзбекстан  - Кыргызстан чек араны тактоо боюнча орток иш алып баруу группасы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына байланыштуу токтомго кол коюшту.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 5 -  сентябрда кол коюлган орток чек ара келишими орток чек аранын тараптардын ортосунда келишим түзүлгөн 170 километрге жакын бөлүгүн  белгилеп жатып, калган 36 талаш  - тартыштуу аймак же 217 километрдик чек аранын белгиленишине карата иштер улантылууда.



Тектеш кабарлар