Астанада Сирия темалуу жыйналыштын тогузунчусу өтүп жатат

Оппозициянын делегациясы да катыша турган негизги жыйналыш бүгүн болот.

Астанада Сирия темалуу жыйналыштын тогузунчусу өтүп жатат

Казакстандын борбор калаасы Астанада тогузунчусу өткөрүлгөн Сирия темалуу жыйналыштын алгачкы күнүндөгү техникалык сүйлөшүүлөрдө Чыңалууну азайтуу аймактарындагы акыркы абал жана туткунга алынгандардын эркин кое берилиши каралды.

Астанада өтүп жаткан Сирия темалуу тогузунчу жыйналышта Түркия, Орусия жана Иран эки тараптуу жана үчтүк жыйналыштарды өткөрдү.

Жыйналышка катышкан булактардан алынган маалыматка караганда, жолугушуулардын негизги күн тартип беренесин Чыңалууну азайтуу аймактарындагы акыркы абалдар, ок атышпоону бузуулар менен Чыгыш Гута жана Хомстун түндүгүнөн эвакуацияланып өлкөнүн түндүгүнө көчүүгө аргасыз болгондордун абалы түздү.

Туткунга  алынгандар боюнча жумушчу тобу да экинчи жыйналышын өткөрүп, туткун жана камактагылардын эркин кое берилүүсүнө бара турган процесстин алкагын белгилөө үчүн керектүү шарттарды талкуулады.

Иран жана Орусиянын делегациясы Башар Асад режиминин өкүлү Башар Жафери менен да жыйналыштарды өткөрдү.

Иордания жана БУУнун делегациялары да жолугушууларда байкоочу катары орун алды, бирок мурдагы айлампалардын тескерисинче АКШ жыйналышка өкүл жиберген жок.

Оппозициянын делегациясы да катыша турган негизги жыйналыш бүгүн болот.



Тектеш кабарлар