Астанадагы сүйлөшүү процесси Сирияда кеңири тынчтыктын камсыздалышына салымын кошо берет

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Саммитинде сөз сүйлөдү.

Астанадагы сүйлөшүү процесси Сирияда кеңири тынчтыктын камсыздалышына салымын кошо берет

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Астанадагы сүйлөшүү процессинин Сирияда кеңири тынчтыктын камсыздалышы максаты жагынан таасирдүү инструмент болгонунун көрүнгөнүн белгилеп өттү.

Казинформ кабар агенттигинин маалыматына караганда Назарбаев, Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Саммитинде сөз сүйлөп, Азия, Африка, Жакынкы Чыгыш жана башка «опурталдуу жерлердеги» кагылышуулардын саясий жолдор менен чечилиши керектигин кайталады.

Назарбаев, Сирия сүйлөшүүлөрүнө кожоюндук кылган тарап катары чечүүчү жол табуу процессин кылдат байкап жаткандарын айтып, «Астана сүйлөшүү  процессинин Орусия, Түркия жана Ирандын активдүү колдоосу менен Сирияда кеңири тынчтыктын камсыздалышы максатында таасирдүү инструмент болгону көрүндү»,-деп айтты.

Казакстандын Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышын колдогонун айткан Назарбаев, «Өлкөбүз, Ирандын ядролук программасы тууралуу келишимдин түзүлүшүн колдоого алган жана өз салымын кошкон. Ушул себептен Кеңири биргелешкен иш-аракет планынын корголушу жана кынтыксыз ишке ашырылуусунда чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар