Эрдогандын кызматын баштоо аземине Борбордук Азия президенттеринен Жээнбеков катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ,Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын инаугурация аземине катышты.

ceenbekov-erdoğan_toren1.jpg
ceenbekov-erdoğan_toren3.jpg
ceenbekov-erdoğan_toren4.jpg
ceenbekov-erdoğan_toren5.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын инаугурация аземине катышты. 

Аземде президент Эрдоган сөз сүйлөп, жаңы система менен 2023-жыл пландарын аткаруу үчүн иштөөнү уланта тургандарын, Түркияны экономикалык жактан өнүккөн дүйнөдөгү 10 өлкөнүн катарына кошуу үчүн талыкпай эмгектене тургандарын айтты. Чет өлкөдөн жана өлкө ичинен аземге катышкан бардык меймандарга ыраазычылын билдирди.

 Текирдагда болгон поезд кырсыгынан улам аземде ыр-бий, жарыктандыруу шоу көрсөтүүлөрү болгон жок.

Андан соң чет өлкөдөн келген коноктор президент Эрдоганды жаңы кызматынан улам куттуктап өтүштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков да өзүнүн каалоо тилектерин айтып, Кыргызстанга чакырды. Эрдоган сентабярда Кыргызстанга барууну пландаганын айтты.

Президент Эрдоган чет өлкөдөн келген меймандарга кечки сый тамак берди. Сый тамактан кийин чет өлкөдөн келген меймандар Эрдоган менен кош айтышып, дагы бир ирет куттуктоолорун билдиришип, өлкөлөрүнө кайтып кетишти.


Этикеткалар: Жээнбеков , Эрдоган

Тектеш кабарлар