Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 51

Түркия экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде кош кааналуу өсүү катнашына жетишип Европа Биримдиги, чоң жыйырмалар жана ОЕСД өлкөлөрүн ашып өттү.

Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 51

Түрк дүйнөсүнөдө болгон жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Түркиядан. Кабарыбыздын темасы «Түркия өсүүдө  дүйнө лидери».

Түркия экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде кош кааналуу өсүү катнашына жетишип Европа Биримдиги, чоң жыйырмалар жана ОЕСД өлкөлөрүн ашып өттү. Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн төрт эсе өскөн Түркия чоң жыйырмаларда да өсүү катнашы менен көңүлдөрдү бурган Кытай менен Индияны артта калтырды.

Анадолу агенттигинин Түркия Статистика Мекемеси ТҮИК Европа статистика офиси жана ОЕСДден алган маалыматка караганда  Түркия бул жылдын экинчи чейрегинде жетишкен 5, 2 пайыздык  өсүү жетишкендигин үчүнчү чейректе эки эседен ашуун арттырып 11, 1 пайызга жеткирди.

Түркия өсүү катнашы менен бул мезгилде Европа Биримдиги, чоң жыйырмалар жана ОЕСД өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду алды.

Европа өлкөлөрү жылдын экинчи чейрегинде 2, 1 , үчүнчү чейрегинде болсо 2, 5 пайызга өстү. Ушундайча Түркия Европа ортоломосунун 4 эсесинен ашуун өсүү көрсөттү.

Программабызды Казакстандан бир кабар менен улантабыз.

Кабардын темасы «Казакстандагы түрк фирмаларынын санын арттырууну максат кылуудабыз».

Түрк  - казак Ишкерлер Биримдиги ТҮКИБдин башкаруу кеңешинин төрагасы Фырат  Девелиоглу Казакстанда иш алып барган түрк фирма саны жана эки өлкөнүн арасындагы инвестицияларды арттыруу менен ортоктук жана бир туугандык байланыштарын дагы да өнүктүрүүнү максат кылышкандарын билдирди.

Девелиоглу Анадолу агенттигине берген маалыматында ТҮКИБдин 2016 -  жылдын 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин курулгандыгын жана азыркы учурда 49 мүчөсүнүн бар экендигин айтып, Казакстанда иш алып барган түрк ишкерлеринин 90 пайызынын өкүлү экендигин айтты.

ТҮКИБдин курулуш максатынын Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода карым – катнаштарын күчтөндүрүү, Казакстанда иштеген түрк ишкерлерине колдоо берүү экендигин белгилеген Девелиоглу фирмаларга укуктук темаларда колдоо жана иш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү миссиясын милдет кылып алышкандарын билдирди.

Тил жана маданиятынын жакындыгынан улам түрктөрдүн Казакстанда иш алып барышынын дагы оңой экендигин белгилеген Девелиоглу : «Бул жер биздин бир тууган өлкөбүз. Ишкерлерибиз бул жерден кыз алып , кыз берип, үй – бүлө байланыштарын куруп жатышат»,- деди.

Казакстанга инвестиция салууну каалаган түрк ишкерлеринин Астана элчилигине кайрылуулары керектигин, элчиликтин ишкерлерди ТҮКИБге багыттагандыгын айткан Девелтоглу : «Бул жерде инвестиция жеңилдиктери башка өлкө жарандарына караганда Түркия үчүн дагы оңой»,- деди.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода көлөмү бул жылдын биринчи жарымында 2016 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 36, 1 пайызга артты.

Акыркы кабарыбыз Кыргызстандан. Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов 89 жашында  эскерилди.

Чынгыз Айтматовдун Ата Бейиттеги  мазарына гүл чамбар коюлган эскерүү аземи Кураан Керим окуу менен башталды.

Жазуучу каза болгондон кийин музейге айландырылган үйү зыяратка ачылды.

Улуттук илимдер академиясында  Айтматовдун чыгармаларын тааныткан көргөзмө ачылды. Иш чарага министрлер менен көп сандаган илимпоз катышты.

Кыргызтандын Талас облусунун Шекер айылында 1928 -  жылы 12 -  декабрда туулган Чыңгыз Айтматов Казакстандын Жамбыл облусундагы ветеринардык технукумунда окуду. Билимин Бишкектеги айыл  - чарба институтунда уланткан Айтматов Максим Горький атындагы адабият институтунда да  окуду. Жазуучулугун Москвада баштаган Айтматов  «Правда» гезитинде иштеди. Айтматов 1957 -  жылы советтик жазуучулар биримдигине мүчө болуу менен кабыл алынды.

Чыгармалары 150дөн ашуун тилге которулган жазуучу жана мамлекеттик кызматкер Айтматов 1963 -  жылы Ленин сыйлыгын алды. 1970 -  жылы жазган «Кызыл жоолук жалжалым» романы Түркияда киного тартылды.

Советтр союзунун таркашы жана Кыргызстандын көз карандысыздыгына жетишүүсү менен адабий  иштери менен бирге Кыргызстандын Люксембург, Бельгия жана Голландияда элчилик кызматын аткарган Айтматов Европа Биримдиги, НАТО, ЮНЕСКО жана Бенилюкс өлкөлөрүнүн кыргыз өкүлчүлүгүн да аткарды.

Айтматов 2008 -  жылы катуу оордуан улам Германиянын Нюрнберг шаарында 80 жаш курагында каза болду.  Айтматовдун үч уулу жана бир кызы бар.



Тектеш кабарлар