Халеб (Алеппо) дүйнө жүзүн уяткарууда

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын «Daily SABAH» гезити үчүн жазган макаласы.

Халеб (Алеппо) дүйнө жүзүн уяткарууда

Дагы эле миңдеген адам, аял жана бала Халебде (Алеппо) ар убак абадан кол салуу же бир террордук топтун бутасы боло турганы ыктымалы астында, тоңдуруучу суукта, медициналык материал же тамак-ашы жок күтүп турушат.

Түркия жана Орусиянын ортосунда камсыздалган Чыгыш Халеб ок атпоо келишими пахта жиби менен эле байланып тургансыйт. Бул келишим курчоо астындагы шаарда жашаган жана баррель бомбалары же террорист көзгө атаар мергендер үчүн оңой аңчылык абалына айландырылган аял жана балдар менен катар миңдеген кишинин акрыкы үмүтү болуш керек...

Сириянын 5 миң жылдык шаары Халебдин кулашы жана Асад режиминин колунда мыкаачылык менен кыйратылышы дүйнө жүзүн терең ойго чөмүлтүшү керек болгон абал болуп турганда, мунун ордуна бул адамдардын азап тартууларын көрсөткөн жана социалдык медиа аркылуу түз эфирде берилген коркунучтуу көрүнүштөр дагы бир жолу байкалбастан көз жаздымда калтырылып, биздин жалган маданияттуу дүйнөбүз дагы бир жолу ахлак бузуктугунун, варвардыктын жана уяттын тереңдигине дагы терең кирди.

Халебде болгон зулумдуктун алдында дүйнөнүн дүлөйдөй үн катпай калышына күбө болгон Эмине Сежерович Касли, өзү сегиз же тогуз жаш курактарында көргөн Босния согушунан аман калган бирөө катары, тарыхтын бул кара барагын башынан өткөрүп жатканда жалаң муну ойлогонун эске салат; дүйнө жүзү карапайым адамдардын эмнеге дуушар болгондорун билгенде сөзсүз бизге жардам бериш үчүн келмек.

Эми болсо дүйнө жүзүнүн Чыгыш Халебдин көчөлөрүндө эмнелер болгонун билгенин, бирок бул геноцидди токтотуш үчүн эч нерсе кыла албаганына шилтеме кылып «абдан таза» болгонун айтууда. Мен бул саптарды жазып жатканда эвакуация кылуучу автобустар Халебге кирип чыгууда жана бир тараптан да токтотулуп жатат, кол салууга дуушар болушууда же белгисиздикке туш болушууда. Анык болгон жалгыз нерсе болсо Халеб кыргынынын кудум эле еврей геноциди, Сребреница жана Руанда кыргындары сыяктуу тарыхта уяткаруучу эстеликтер сыяктуу эскериле турганы.

Бир жыл мурда өлүү денеси Түркиянын Эгей деңизинин жээктерине чыгып калган сирияылк бала Айлан Курдинин ошол көрүнүштөрү дүйнөлүк коомдук пикирди аракетке өткөрүп жатканда Европа жана АКШдагы бай жана күчтүү дүйнөлүк башкаруучулардын сириялык качкындар жана Сирияда жеринен ажыраган миңдеген адамдын азап тартуусун соңуна чыгарыш үчүн кийлигише турганы жөнүндө үмүт жанган эле.

Ошондой эле күтүүлөр башка бир сириялык кичине эркек бала Omran Daqueeshтин кан талаган жүзү жана күл каптаган денеси менен Чыгыш Халебде саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан ташылып бартканда тез жардам унаасынын ичинде коркутуучу токтоолук менен мерез болуп калганынын көрүнүштөрү социалдык медиада жайылганда да дүйнө жүзүн коркунуч каптаганы ортого салынган эле.

Бирок симпатия жана ырайымдуулуктун өмүрү заманбап коомчулуктарда тилекке каршы кыска болот экен жана мамлекеттер да маселе бул болгон соң жетиштүү боло албай жана ал эле эмес аесуз абалга айланышты.

Көрүнүп тургандай адамдын тарткан азабын көрсөткөн эч бир фото сүрөт, видео же далил, дүйнө жүзүн туура нерсени кылууга багытташ үчүн жетиштүү эмес.

Бир тараптан бул коркунучтуу согуштун ахлактык жана психологиялык беделин көтөрүүгө аракет кылып жатканда экинчи тараптан реалдуу саясаттын былгыган чындыктарын жеңип чыгууга аргасызбыз.

Түркия жана Орусия тарабынан даярдалган ок атпоо келишими бир канча тарап кошулган жумалап созулган тыгыз сүйлөшүүлөрдүн артынан келди. Максат режим тарабынан оор кол салуу астында турган Чыгыш Халеб калкынын түрк чек арасынын жакынында болгон Идлиб сыяктуу коопсуз аймактарга айландырылышы болчу жана дагы эле ошондой. Ушул убакка дейре 40 миңден ашуун адам эвакуация кылынды, бирок дагы эле миңдегени аймактан чыгып кетиш үчүн күтүп турушат. Кызыл крест эл аралык комитети, Түркиянын Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD), Түрк Кызылайы, Гуманитардык жардам фонду (İHH) жана башка жарандык коомдук уюмдар учурда жүз миңдеген жеринен ажыраган жарандар орун алган Идлибде жаңы барган сириялыктарга тамак-аш, кийим жана медициналык материалдарды жеткириш үчүн күнү түнү дебестен иштеп жатышат.

Ок атпоо келишими болсо аянттагы көпчүлүк динамикалар коштогон алсыз тартип катары калышын улантууда. Чыгыш Халебдеги жеңиши менен күүлөнгөн Асад режими жана Иран тарабынан колдоого алынган аянттагы согушкер топтор менен кошо бардык режимди колдоочулар оппозициячыл топтордон өч алууга багыт алышы мүмкүн, муну да ыктымалдуу ок атпоо келишимин жана эвакуация процессин алдыдагы күндөрдө балталоо менен кылышы мүмкүн.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Халебде артта калган адамдардын башка бир кечигүү жана дагы көп өлүм жана зулумдукка жол бербестен эвакуация кылынууларын бекем камсыздоо үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир канча ирет сүйлөшүү өткөрдү.

Бириккен Улуттар Уюму болсо Халебде көз алдыга жайылган уяткаруучу адамзаттык трагедиянын алдында караманча калууларын улантышууда. Эми эч ким чечимдери жана жарыялоолору менен адилетсиздиктин алдын ала албаган же болуп жаткан ыздырапты токтото албаган бул эл аралык мекемеден чындап эле эч нерсе күтпөйт.  Адамдар өздөрүн улуттардын биримдигине өкүлдүк кылгандай көрсөткөн бир мекемеден эң жок дегенде кымындай бир адамзат түшүнүгүн көрө алууну үмүт кылышууда. Бирок бул дагы кайгы жана азап тартып өлүп жаткан Халеб калкына ыраа көрүлбөй жатат.

Эгерде БУУ жана Европа Коопсуздук Кеңешинин башкаруучу мүчөлөрү Халебде окуялардын кандай болгонун же кандай жерге жеткенине кызыгышса бурулуп артты карашы керек жана бул кыйратуучу согушту токтотуш үчүн 2012-жылдан бери эмне кылгандарын карап чыгуулары керек; алар эч нерсе кылган жок.

Түркиянын Сирияда коопсуз аймактар түзүлүшү үчүн чакырык салууларын укмаксан болушту.  Обама башкаруучулугу өз кызыл сызыктарын химиялык куралдардын жана башка эске түшө турган ар түрдүү согуштук куралдардын колдонулушунун алдында жеп койду. Эми болсо башкаларын күнөөлөө жана өзүнүн азасын күтүүнүн ордуна эң жок дегенде Асад режими күнүгө ишке ашырып жаткан зулумдукту азайтуу жана сириялык оппозициячылдарга берген убадаларын орундатыш үчүн бир нерселерди жасай алат эле. Бирок мунун ордуна, «дипломатия» Халебдин жана Сириянын аял жана балдарын куткарыш үчүн эч нерсе кылбай жатканда, режим жана оппозициячылдардын убакыттан утушуна жана согуштун жүрүшүн өз мүмкүнчүлүктөрүнө бурушуна уруксат беришкен абалда.

АКШнын жаңылыш багытталган түрдө ишке ашырган ПККнын Сириядагы уландысы Демокртаиялык биримдик партиясын (ПЙД) колдоо саясаты бир гана террор уюмунун дагы да күчтөнүшүнө жана Түркия менен АКШнын арасынын бузулушуна алып келген.

Эки жыл мурда 2014-жылы 18-ноябрда бул төмөнкү саптарды жазгам: «Сириянын экинчи чоң шаары Халебдин Асад режиминин колуна өтүшү жалгыз гана убакыт маселеси болуп саналат. АКШ баштаган коалиция күчтөрү ДЕАШ буталарын абадан бомбалап жатканда канкор Асад Халебге карай кандуу кол салууларын улантууда. Өткөн эки айдын ичинде Асад режими шаарга карай кол салууларын күчөттү. Шаардын үстүндөгү көзөмөлүн абадан жана кургактыктан кеңейтти жана сириялык козголоңчуларды түндүктү көздөй сүрдү... Халебдин кыйрашы Сирия согушунда башка бир кара такка айлана электе аянтта жасала турган так кадамдарга муктаждык бар. Эгерде Халебдин кулашына уруксат берилсе, бул Сирияда адамзаттын келечеги үчүн күткөн кандайдыр бир үмүттүн өчүшү дегенди берет...»

Бул үмүттү эбак жоготуп койгондойбуз.

 



Тектеш кабарлар