Чындыктардан качуу

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде 2017-жылдын 11-ноябрында чыккан макаласы.

Чындыктардан качуу

Жаңы технологиялык өнүгүүлөр бизге виртуалдык дүйнөлөр жана альтернативалык чыгарылыштар жаратуубуз үчүн мүмкүнчүлүк берген сайын, улам арткан түрдө чындыктардан качуу жана элес дүйнөсүндө жашоо маселеси менен кептөөдө. Экрандардагы көрүнүштөр ылдам түрдө материалдардын ордуна өтүп чыныгы табияттан жана чыныгы адамдар турган дүйнөдөн кыйла алыстатып чоочундатууда. Экрандардагы көрүнүшүбүздү биз өзүбүздөн да жакшы көрөбүз. Виртуалдык аң-сезим тармагындагы жаңы өнүгүүлөр болсо дагы алдыга жылып бизди белгисиз дүйнөгө алып барат. Анда биз адам катары бул алтернативалык дүйнөлөрдүн арасында жашап жатканда дагы деле адамдыгыбызды сактай алабызбы?

Альтернативалык чыгарылыштарды жаратуу сөзсүз түрдө жаман нерсе болбошу да мүмкүн. Негизинен адабияттын бизге жаратуучу жана байытуучу түрдө сунуштаган нерсеси да ушул. Идеалдуу дүйнөгө шилтеме кылып үмүттөрүбүздү коргообуз жана стандарттарыбызды жогору кармообуз үчүн бизге жардам бере алат. Бирок бирдей эле нерсе адамдык абалыбызды белгилеген жана бизди мамилелерибиздин жоопкерчилигин алууга мажбурлаган чындыктардан качуубуздун да көз боочу  жагы болушу мүмкүн. Биз жашап жаткан чындыктардан качабыз анткени өз колубуз менен жараткан нерсеге эми толеранттуулугубуз калган жок. Бул чындыктын ордуна виртуалдык дүйнөнү, машиналарды, роботторду жана жасалма аң-сезим чыгарылыштарын коюп, тынчтыкты, ынтымакты, бакубаттыкты табышыбыз жана ырахат алуу сезимине жетишибиз үчүн бизге жол көрсөтпөйт. Тескерисинче кыялдануу дүйнөлөрүнүн көп кыртыштарынын арасында өзүбүздү жоготуу десек болот буга.

Акыркы жылдарда айрым роман жана фильмдер виртуалдык аң-сезим сунуштаган мүмкүчүлүктөргө каршы сугарылган бул оолугууну колго алып адам чектеринен ашып өтүштү. Башка толгон токойу менен кошо Матрих үчилтиги,  "Ex Machina," "Westworld," "Black Mirror," "I Robot" жана "Blade Runner 2049," мүмкүнчүлүктөргө толгон жаңы чыгарылыштарды куруунун жана муну жасоонун кыйратуучу жыйынтыктарын тема кылган аңгемелерди түшүндүрүштү. Алардын орток темасы бул эле: жаңы технологиялык өнүгүүлөр жана бардык нерседен дагы көптү талап кылуу каалоосуна карата  адам болууну эмне аныктайт? Өзүбүз өзүбүздү өндүрүп жана өзүбүз жараткандарыбыздын туткуну абалына келгенибизде эмне болот? Бардыгыбыздын ар дайым жандуу кала турган аңгеме болгон Франкештайндан абдан жакшы билген бир суроо бул: өзүбүз жараткан жандыктарга кантип ээ боло алабыз?

Руперт Сандерс режиссурасын кылган жана башкы ролдо Скарлетт Йоханссон ойногон 2017-жылдын чыгарылышы «Ghost in the Shell» тасмасы адамдар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары жана киреше табуулары үчүн башка адамдарды машина сыяктуу колдоно баштаганда эмне болот деген маселени караган? Кинонун башкы каарманы Мотоко Кусанаги (Скарлетт Йоханссон) дүйнөдөгү кылмышкерлер менен күрөшкөн кибердик колдоочусу болгон аскер. Өз түрүнүн биринчи өрнөгү-жаңы өнүктүрүлгөн колдоолор менен жабдылган адам руху же элес жана роботтук дене, б.а. кабык. Өзүнө жалган айтылганын жана өз эркине карата чындыгында ушундай түрдөгү жасалма аң-сезим жаратылганын түшүнгөн учурда бардык нерсени териштире баштайт.

Кээ-кээде  жөнөкөй болсо да тасма маанилүү ахлактык жана философиялык маселелерди сурап турат. Өкмөттөр жана чоң фирмалар өз кызыкчылыуктарына кызмат кылуулары үчүн адамдардын аң-сезимдерин жана рухтарын өзгөртүп башкача боло баштаса эмне болот? Адамдардын аң-сезимдерин  жана сезимдерин, алар эч нерсе эстешпесин жана бир гана буйруктарга баш ийишсин деп кайра долбоорлоо укугуна ким ээ? Адамдарды абдан дагы жакшы жана бактылуу өмүр сүрө турган, учурдагы чындыктан абдан алыс, ичинде эми өздөрү өздөрүндөй болбогон-б.а. симуляция, программа, чымыр дененин ичинде колдоого алынып, элес катары жашап жаткан чындыгынан алыстатып келечектеги виртуалдык дүйнөгө ишенүүгө мажбурлоо негизги адам баалуулуктарына чыккынчылык болуп саналат.

«Ghost in the Shell» тасмасында келечектеги дистопиянын ичинде айрым жаман окуялар болот. Бирок мунун ансыз деле учурда болуп жатканы тынчты алганынын чындыгын көрүш үчүн абдан алысты карообуздун кереги жок. Учурдагы технологиялар жана бул технологияга ээ болгон коммерциялык максаттуу фирмалар, адамдардын кабылдоолорун, каалоолорун жана ырахат алууларын өзгөртүүнүн жолдорун издеп жатышат. Анткени адамдарды кардар капитализмин териштирбеген кызматчыларына айлантууну каалашат. Дагы көп каржылап, дагы көп талап кылып жана өздөрүнүн тышында бир нерсеге айланып өздөрүн жакшы сезишсин дешет. Мындан да жаманы болсо адамдардын бул жалганга толгон укмуш жашоо формасынын беделин төлөгөнгө ушунчалык каалоо менен берилиши.

Бул өз чындыгыбыздан элес дүйнөгө чыгымы кандай  болсо дагы качыш үчүн аракеттенүүбүздүн  терең каалоо тарабынан үзгүлтүккө учураганына окшойт. Адамдар мунун жалгыз гана элес дүйнө экенин билишсе дагы эмне үчүн буга качкысы келишет? Эмне үчүн качабыз? Жашообузда мынчалык кемчилиги болгон эмне болду экен биз чындыкка жатпаган, жасалма экенин абдан жакшы билген виртуалдык дүйнөгө баш калкалагыбыз келүүдө?

Бул маселелерди өзүбүзгө олуттуу жана чынчыл түрдө сураганга даяр болуп же болбогонубузга ишенбей турам. Эгерде муну жасай алсак анда ошондо гана өзүн өзү ыраазы кылуучу иллюзиянын сыйкыры бузулат жана балким өзүбүздүн чыныгы адамдыгыбызга бардык ырыскылары жана кемчиликтери менен бирге кайыл болобуз. Бирок андан кийин муну байкайбыз, бизди адам кылган нерсе өзүбүздөн мыкты машина жасоо жөндөмдүүлүгүбүздө эмес, табиятка, дүйнөгө жана башка адам туугандарыбызга акыл, кылдаттык жана сүйүү менен мамиле кылышыбызда жатат. Өзүн өзү бузган, өзүнө зыян тийгизген, системаларды өнүктүрүү Теңирдин бизге тартуулаган жөндөмдүүлүктөрдү колдонуунун акылга сыйаарлык жолу эмес.

Чындыктардан качыш үчүн элес дүйнөлөрүн жаратуунун ордуна өз чындыгыбыз менен шайкештик ичинде жашай алыш үчүн өз аң-сезим абалыбызды жана руханий дүйнөбүздү өзгөртүшүбүз керек. Балким өз чындыгыбызды өнүктүрүүнү сынап көрүшүбүз керек жана ушундайча андан качууга мажбур сезбейбиз өзүбүздү. Муну кылуу болсо заманбап пландарыбыздын кылдат териштирилиши жана турмушубузга бизди өз ички чындыктарыбызга жана орток адамзатка жакындата турган жаңы багыт берүүнү талап кылат.

 

 



Тектеш кабарлар