Хатайда сириялыктар кармалды

Балдар менен аялдар болгон 29 киши кармалды.

Хатайда сириялыктар кармалды

Хатайдын Йайладагы районунда Сирия чек арасынан Түркияга мыйзам тышы жолдор менен киргендиги белгиленген чет элдик 29 киши кармалды.

Коопсуздук күчтөрү Сирия чек арасындагы Пуллуязы пунктунун жоопкерчилигиндеги аянттарда жүргүзгөн текшерүүдө Түркияга мыйзам тышы жолдор менен кирүүгө аракет кылган группаны байкады.

Коопсуздук бөлүктөрү тарабынан кармалган жана араларында балдар менен аялдар да болгон 29 кишинин сириялык экендиги билдирилди. Кармалган  кишилер полиция пунктуна алып барылды.



Тектеш кабарлар