Иерусалим темасында Папа Франциск менен Эрдоган бирдей пикирде

Эрдоган, Иерусалимдеги акыркы абалдар тууралуу католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Иерусалим темасында Папа Франциск менен Эрдоган бирдей пикирде

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Иерусалимдеги акыркы абалдар тууралуу католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Пикир алмашышкан эки лидер, Иерусалимдин учурдагы  абалынын корголушу жана 1967-жылдагы чек аралары боюнча борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетинин курулуусу темасында бирдей пикирде болгондорун тастыкташты.

Ватикандагы «Папа 6-Паулус» залында шаршемби күндөрү кылган жалпы кабыл алуу отурумунда Папа, АКШнын Иерусалим планына атайын токтолду жана «Эми менин ойлорум Иерусалим менен. Акыркы күндөрдө пайда болгон абалдын себебинен санааркаганымды айтпай тим тура албайм»,-деп айтып БУУнун токтомуна ылайык шаардын статусун урматтоо чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар