Балыкесирден Түркмөнстанга көчөт экспорттолду

Жалпы 1630 көчөт Түркмөнстанга жиберилди.

Балыкесирден Түркмөнстанга көчөт экспорттолду

Токой жана суу чарбачылыгы министрлигинин токой чарбачылыгынын башкы директорлугу тарабынан Балыкесирде өндүрүлгөн түрдүү көчөттөр тигилүү үчүн Түркмөнстанга жиберилди. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык токой чарбачылыгынын директорлугу тарабынан Балыкесирде өндүрүлгөн көк карагай, абелия, магнолия сыяктуу жалпы 1630 көчөт Түркмөнстанга жиберилди.

Токой жана суу чарбачылыгы министри Вейсел Эроглу бул тууралуу берген маалыматында Түркияда өскөн, өлкөгө таандык көчөттөрдүн кээ кээде өлкө тышына жиберилгендигин белгиледи.

 «Өз жерлерибизде, өзүбүз өстүргөн көчөттөрдү келген талаптар боюнча башка өлкөлөргө жиберип жатабыз. Эми болсо Түркмөнстанга жиберген өсүмдүк паспортуна ээ көчөттөр бир тууган өлкөбүздүн флорасын байыта турган түрлөрдөн. Бул көчөттөрдүн ал жерде өлкөбүздүн элесин жашатышы биз үчүн сыймыктантуучу абал»,- деди.



Тектеш кабарлар