Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын Фетуллахчы террордук уюму тууралуу мамилесин сынга алды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын Фетуллахчы террордук уюму тууралуу мамилесин сынга алды. АКШнын Лос Анжелес шаарында түрк жарандары менен жолугушкан Чавушоглу : «ФЕТӨ террордук уюмунун кандай уюм экендигин бүткүл дүйнө түшүндү. Буйруса АКШда муну бир күн түшүнөт. Тилекке каршы Америкадан каалаган колдоону ушул күнгө чейин көргөн жокпуз. Тапшыруу талаптарыбыз турмушка ашкан жок. Азырынча териштирүү ачыла элек»,- деди.

Түрк  - Америка карым – катнаштарындагы маселелерге да токтолгон Чавушоглу : «АКШ биздин эң негизги союздаштарыбыздын бирөөсү. Кээ бир темаларда пикир айырмачылыктарыбыз жана карым  - катнаштарыбызда өйдө – ылдый нерселер болушу мүмкүн, бирок бул ФЕТӨ маселеси менен АКШнын ПЙДге курал берүү маселесинен улам карым  - катнаштарыбызда  келишпестиктер бар. Буларды да диалог жолу менен чечүүгө аракет кылабыз. Негизинен эки күндөн кийин Ванкуверде АКШ менен бирдикте катыша турган жыйын да Корея согушунан бери ортобузда түзгөн слюздаштыктын бир чагылышы»,- деди.

Сириядагы акыркы абалдарга да токтолгон Чавушоглу : «Өткөн жылдарда дайыма Сириядагы кыргын тууралуу сүйлөшчүбүз, бирок 2017 -  жылы өзгөчө Астана процесси жана таштаган кадамдар менен бүгүн Сирияда шарттар дагы жакшы. Толугу менен жакшы деп айтууга болобу, жок. Саясий чечүүчү жол болбостон жана Сирияга ырааттуулукту алып келбестен болбойт бирок жакшыга карай баратабыз. Саясий процесске карадык. Түркия бул жерде башкы ролду ойноп жатат»,- деди.

Ирактагы акыркы абалга да токтолгон Чавушоглу : «Ирактагы маселенин чечилиши үчүн эки тарап да биздин арачылык кылуубузду каалайт. Аймактык башкаруу олуттуу бир жаңылыштыкты кылды. Жаңылыштыгын түшүндү бирок Ирактын ырааттуулугу жана чек ара бүтүндүгү биз үчүн маанилүү. Айдын 21де Багдатка барам. Түркия бул маселенин чечилишинде да маанилүү ролду ойнойт. Биздин жарышуун агентибиз жок, эч кимдин жерине көз тикпейбиз. Каалаган нерсебиз адилеттик»,- деди.

Министр Чаушоглу Лос Анжелестеги программасынан кийин Канаданын Ванкувер шаарында боло турган Түндүк Корея тема болгон тышкы иштер министрлер жыйынына катышат жана бул жерде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушуу өткөрөт.

 

 



Тектеш кабарлар