Түркия кабинеттер жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Түркмөнстанда

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердимухаммедов кечээ борбор шаар Ашкабатта Рифат Хисаржыклыоглун кабыл алды.

Түркия кабинеттер жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Түркмөнстанда

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердимухаммедов кечээ борбор шаар Ашкабатта Түркия кабинеттер жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглун кабыл алды.

Түркмөнстандын Анкара элчилигинен берилген маалыматка ылайык кабыл алууда Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык карым – катнаштар жана улантылып жаткан проектилер каралды. Гурбангули Бердимухаммедов түрк фирмаларынын өлкөсүндө алып барган ишинен ыраазы экендигин белгилеп : «Түркмөнстан ар дайым чет элдик фирмалардын эл аралык кызматташтык сунушун карап чыгууга ачык»,- деди.

Өлкөсүнүн заманбап өнөр жай базисин курууда иреттүү түрдө өнүгүү көрсөткөндүгүн белгилеген Бердимухаммедов базисти курууда жана алдыңкы технологияны колдонууга көңүл бурушкандарын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык тармакта абдан чоң потенциалдын бар экендиги билдирилген жолугушууда экономикалык кызматташтыктын дагы да алдыга жылдыруу сөз болду. Тепе Түркмен курган айнек заводу сыяктуу түрк фирмаларынын бул өлкөдө жүргүзгөн проектилердин акыркы абалынын каралгандыгы белгиленди.

Кабыл алууда аймактын улантууга боло турган экономикалык өнүгүшүнө маанилүү салым кошо турган Түркмөнстан  -  Афганстан – Пакистан  - Индия жаратылыш газ түтүк жолу проектисине түрк фирмаларынын катышуусунун да күн тартибине келгендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар