Түркиядагы орус жарандары үчүн үкөктөр курулат

Орусиянын Стамбулдагы консулдугу Орусияда 18 -  мартта боло турган президенттик шайлоо үчүн башкы консулдукта үкөктөрдүн куруларын жарыялады.

Түркиядагы орус жарандары үчүн үкөктөр курулат

Орусиянын Стамбулдагы консулдугу Орусияда 18 -  мартта боло турган президенттик шайлоо үчүн башкы консулдукта үкөктөрдүн куруларын жарыялады. Башкы консулдуктан берилген маадыматта дипломатиялык өкүлчүлүктө курула турган 8295 номердүү үкөктө Стамбул, Балыкесир, Бурса, Кыркларели, Текирдаг, Чанаккале, Эдирне жана Яловада жашаган орус жарандары добуш беришет.

Орусия жарандары 18 – март күнү саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин башкы консулдук имаратындагы үкөктө  добуш беришет.

Стамбул башкы консулдугуна алыс аралыкта жашаган Орусия жарандарына болсо Измиттин Дарыжа районунда 9 -  мартта Түркия убактысы боюнча 17:00 – 21 :00, Бурсада болсо 10 – 11 – мартта Түркия убктысы менен 08.00 – 18.00 сааттарынын арасында  добуш берүүсү үчүн шарттар түзүлөт.



Тектеш кабарлар