Түркиядагы сириялыктардын саны 3,5 миллиондон ашты

Түркия сириялык баш калкалоочулар үчүн 30 миллиард 285 миллион 573 миң доллар сарптады.

Түркиядагы сириялыктардын саны 3,5 миллиондон ашты

Түркияга баш калкалаган сириялыктардын саны 3 миллион 506 миң 532ге жетти.

Түркия сириялык баш калкалоочулардын жарааттарынын айыктарылышы жана кайрадан жашоого умтулуулары үчүн БУУнун стандарттарында кызмат көрсөтүүдө.

Сириялык баш калкалоочуларга көрсөтүлгөн кызматтардын башында билим берүү, саламаттык сактоо жана коопсуздук турат.

БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгы Түркияны «дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну кабыл алган өлкө», ал эми БУУнун Балдарга жардам фонду болсо Түркияны «дүйнөдө эң көп баш калкалоочу баланы кабыл алган өлкө» деп жарыялады.  

Түркия сириялык баш калкалоочуларга тартуулаган кызматтар үчүн 30 миллиард 285 миллион 573 миң доллар сарптады.

 



Тектеш кабарлар