Натыйжасы өлүм болгон соң кайсы курал колдонулса колдонулсун, ал кылмыш болуп эсептелет

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда Дүйнөлүк Мусулман азчылыктар саммитинде сөз сүйлөдү.

Натыйжасы өлүм болгон соң кайсы курал колдонулса колдонулсун, ал кылмыш болуп эсептелет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, натыйжасы өлүм болгон соң кайсы курал колдонулса колдонулсун, мунун кылмыш болуп эсептелээрин айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулда Дүйнөлүк Мусулман азчылыктар саммитинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сирияда болгон маселелерге токтолгон Эрдоган: «Өз арабыздагы кагылышууларды мусулман катары өзүбүз чечпей жатабыз. Исламдын тышындагылар муну чечип жатат. Аларга калса беррель бомбалары жаадырыла баштайт. Мунун аты кээ-кээде химиялык курал, кээ-кээде кадимки курал болуп жатат»,-деди.

Сөзүндө Сириянын Чыгыш Гута жана Дума аймактарында колдонулган химиялык куралдарга токтолгон Эрдоган: «Өткөндө келшим түзүлүптүр, химиялык куралдарга каршы эл аралык мекемелер мамилесин көрсөтүшү керек экен. Мунун натыйжасы өлүм болгон соң кайсы курал колдонулса колдонулсун, ал кылмыш болуп эсептелет. Химиялык куралдар менен миң киши каза болсо, кадимки кулардар менен жүз миңдеген киши каза тапты. Муну эч сүйлөшүп коюшпайт»,-деди.

«Мыкаачы үйүрлөрүнүн террордук кыймылдары бизге зыян тийгизгени сыяктуу эле исламга каршы турган чөйрөлөргө чыдамсыз күтүп турган мүмкүнчүлүгүн да берүүдө»,-деп айткан Эрдоган: «Германия, Голландия, Бельгия, Францияда мусулмандарга карай кол салуулар уланууда. Мусулман аялдар башына хиджап кийгени үчүн тоскоолдуктарга туш болууда, эң маанилүү мисалы да Францияда көрүндү»,-деп айтты.

Ислам дининде бөлүүчүлүк болбогонун баса белгилеген Эрдоган: «Бир гана мусулман богону үчүн кыргынга учураган, үйлөрүнөн кубаланган туугандарыбыз бар»,-деп айтып Аракан мусулмандарын буга мисал катары көрсөттү.

Эрдоган, мусулман катары жоопкерчилиги болгонун айтып: «Мусумандар катары биздин милдетибиз белгилүү. Биз эч качан кол салууларга чөгөлөп, өз кабыгыбыздын ичине жамынбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар