Столтенбергди президент Эрдоган кабыл алды

Жолугушууларда «Зайтун бутагы» операциясы, Түркия-НАТО карым-катнаштары, Брюсселде өтө турган НАТО саммитине даярдыктар жана аймактык маселелер каралды.

Столтенбергди президент Эрдоган кабыл алды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарада...

Столтенберг улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли тарабынан аскердик азем менен тосулуп алынды.

Аземге тизилген аскердик бөлүккө «Мерхаба аскер» деп салам берген Столтенберг, ардак дептерине да кол койду.

Аземден кийин экөө делегациялар аралык сүйлөшүүгө өтүштү.

Жаникли ал жолугушууда НАТОнун баш катчысына: «Терроризмге каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдооңуздан улам ырахмат айтабыз»,-деди.

Столтенберг андан кийин тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен жолукту.

Жолугушууларда «Зайтун бутагы» операциясы, Түркия-НАТО карым-катнаштары, Брюсселде өтө турган НАТО саммитине даярдыктар жана аймактык маселелер каралды.

Ошондой эле АКШ, Франция жана Англиянын Сирияда Асад режимине карай операциясы да сүйлөшүлдү.

Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексинде кабыл алынды.



Тектеш кабарлар