Шайлоодон мурда 3 министр кетпейт

Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг :"адилеттик, ички иштер менен транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлери шайлоо процессинде кызматында болууну улантат»,- деди.

Шайлоодон мурда 3 министр кетпейт

 Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг адилеттик, ички иштер менен транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлеринин шайлоодон мурда кызматынан кетпей тургандыгын айтты.

Бекир Боздаг мындан мурунку мезгилдерде депутаттык шайлоодон мурда бул 3 министрдин Конституциянын 114 -  беренесинин биринчи беренеси боюнча кызматынан кеткендигин эске салып 2017 – жылы 16 -  апрелде болгон элдик добуш берүүдө кабыл алынган өзгөртүү менен бул берененин жоюлгандыгын билдирди.

Боздаг : «Азыркы учурда конституциябызда депутаттарды шайлап жатканда адилеттик, ички иштер менен транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлеринин кызматынан кетишин күткөн түзөтүү жок. Ошондуктан 2018 – жылдын 24 -  июнунда боло турган шайлоодон мурда үч министрдин кызматынан кетишинин кереги жок. Ошондуктан адилеттик, ички иштер менен транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлери шайлоо процессинде кызматында болууну улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар