Сириянын Африн районунда террор лагери табылды

Террористтер аймакта башталган операциядан улам лагерь аянтын таштап кеткен.

Сириянын Африн районунда террор лагери табылды

Сириянын Африн районунун Хажыхасанлы аймагында абадан чабуулдардан коргоону камсыздай тургандай түрдө пландалган жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга таандык 7 бөлмө, 700 чарчы метрдик жабык аянт жана тоннель системасы орун алган, курулушу бүтпөй калган лагерь аянты табылды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдардын мүчөлөрүн жок кылуу, дос жана боордош аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткарыш үчүн 20-январда «Зайтун бутагы» операциясын баштатканы жана 18-мартта көзөмөлгө алган Африндин Хажыхасанлы аймагында издөө иш-аракеттерин улантты.

Хажыхасанлыдагы издөөнүн негизинде жикчил террор уюмуна таандык 7 бөлмө, 700 чарчы метрдик жабык аянт жана тоннель системасы орун алган, курулушу бүтпөй калган лагерь аянты белгиленди.

Террористтер аймакта башталган операциядан улам лагерь аянтын таштап кеткен.

Айрыкча лагердин ичинде орун алган темир-бетон курулуштун дубалдарынын калыңдыктарынын учактар менен болгон бомбалоолорго туруштук бергидей түрдө кээ бир жерлери бир метрге жеткени белгиленди.

Террористтер качып таштап кеткен лагерге байланыштуу видеолор да Түрк куралдуу күчтөрүнүн социалдык медиа тармагындагы барагынан бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар