Орусиянын президенти В. Путин АКШ өкмөтүнөн келген каршы чыгууларга жооп берди

Орусиянын президенти В. Путин Түркиянын Орусиядан ала турган S-400 абадан коргонуу системасы тууралуу АКШ өкмөтүнөн келген каршы чыгууларга жооп берди.

Путин Санкт Петербург эл аралык экономика форумунун негизинде дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин башкаруучуларын кабыл алды.

Путин : «Түркия бир НАТО мүчөсү катары S-400 абадан коргонуу системалары менен өнүккөн жана классында дүйнөнүн эң мыктысы болгон бир системаны алууга чечим чыгарды. Эмне болуптур? Бул бир кылмышпы? Көз карандысыз бир мамлекеттин коопсуздугун түзүүдө  мыкты каражатты алууга карата кыймылына чектөө алып келүүгө кайсы өлкөнүн акысы бар? Менин оюмча бул ашыкчалык»,- деди.

Путин эң башта Грецияга тапшырылган S- 300 системалары  менен  башка куралдарды НАТО өлкөлөрүнө өткөрүшкөндөрүн эске салды. Орусиянын президенти : «Бул кысым жасоону түшүнбөйм. Бул Түркияга каршы адилеттүү болбогон кыймыл»,- деди.

Путин президент Р. Т. Эрдоганга кысым жасоо менен жыйынтыктын чыкпай тургандыгын айтты.

Тектеш кабарлар