АКШ Түркияга F-35 учагын эртең азем менен тапшырат

Пентагондун басма сөз катчысы Майк Эндрюс, 21-июнь бейшемби күнү Форт-Уэртте Түркия үчүн ачылыш аземин уюштура тургандарын жана учактардын тапшырыла турганын айтты.

АКШ Түркияга F-35 учагын эртең азем менен тапшырат

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) эки даана F-35 учагынын бейшемби күнү Техас штатына караштуу Форт-Уэрт шаарында уюштурула турган азем менен Түркияга тапшырыла турганын жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы Майк Эндрюс, 21-июнь бейшемби күнү Форт-Уэртте Түркия үчүн ачылыш аземин уюштура тургандарын жана учактардын биринчи баскычта Аризонадагы Аба күчтөрүнүн Люк базасына өтө турганын, түрк F-35 учкучтары жана техникалык кызматкерлердин жакында учуу билимин алууларын баштай тургандарын белгилеп кетти.

Коргоо министрлигинин Сенаттын Түркияга F-35 согуштук учагын сатуусуна блок койгон токтом долбоору туурасында сереп салбай турганын билдирген Эндрюс: «Түркия, НАТОнун эң маанилүү шериктештеринен бири жана 2002-жылдан бери F-35 программасынын эл аралык катышуучуларынан бири»,-деп айтты.

АКШ Сенатынын чыгарган токтомунун күчүнө кириши үчүн Өкүлдөр палатасынан өтүп президент Дональд Трамп тарабынан бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар