Тышкы иштер министри Италия гезитине күн тартиби тууралуу маалымат берди

Мевлют Чавушоглу АКШ менен келишкен Манбиж жол картасынын эки өлкөнүн карым  - катнашына оң таасир тийгизерин айтты.

Тышкы иштер министри Италия гезитине күн тартиби тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШ менен келишкен Манбиж жол картасынын эки өлкөнүн карым  - катнашына оң таасир тийгизерин айтты.

Мевлют Чавушоглу Италиянын «La Repubblica» гезитине берген маегинде күн тартиби тууралуу маалымат берди. Чавушоглу : «Манбиждин коопсуздугун гарантияга алуу үчүн сызылган жол АКШнын ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмуна  берген колдоодон улам тилекке каршы жок болгон ишенимдин кайрадан пайда болушуна жардам берет»,- деди.

Чавушоглу Түркиянын Сириядан азырынча чыкпай тургандыгын айтты. Тышкы иштер министри Чавушоглу түрк аскерлери аймактан чыга турган болсо террордук уюмдардын кайрадан тазаланган аймактарга кирүү коркунучуна көңүлдөрдү бурду.

Тышкы иштер министри Европа Биримдигине мүчөлүктүн кээ бир өлкөлөрдүн ачык оппозиция болгондугуна карабастан Түркия үчүн азыр да стратегиялык максат экендигин баса белгиледи.

Чавушоглу  : «Биз абадан коргонуу системасын алууну каалайбыз бирок Америка Конгресс тууралуу маселелери болгондуктан бизге патриот сатпаса, Түркиянын буларды башкалардан алуусуна тоскоол боло албайт»,- деди.

Грециянын S-300 ракеталарына ээ болгондугун эске салган Чавушоглу НАТО өлкөлөрү үчүн бул маселе эмес экендигин баса белгиледи.

Чавушоглу Түркиянын Орусиядан S-400 абадан коргонуу системасын алышына байланыштуу : «S-400дөрдүн коркунуч болбой тургандыгы тууралуу ишеним алдык»,- деди.



Тектеш кабарлар