15-июлду унутпайбыз

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым, ички иштер министри Сулейман Сойлу, улуттук коргоо министри Хулиси Акар Анкарадагы Каршыяка шейиттигин зыярат кылышты.

15-июлду унутпайбыз

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым, Феттулахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен 2 жыл өткөнүнө карабастан кайгылардын ошол бойдон экенин айтты.

15-июль төңкөрүш аракетинин экинчи жылдыгында Каршыяка шейитигин зыярат кылгандан кийин маалымат берген Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төргасы Бинали Йылдырым: «2 жыл өткөнүнө карабастан кайгыларыбыз ошол бойдон. 15-июлду унутпайбыз, унуттурбайбыз дегенбиз»,-деди.

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым, ички иштер министри Сулейман Сойлу, улуттук коргоо министри Хулиси Акар 15-июль төңкөрүш аракетинин экинчи жылдыгында Анкарадагы Каршыяка шейиттигин зыярат кылышты.

Зыяраттан кийин маалымат берген Йылдырым буларды айтты: «15-июлда жана мекенибизди коргоодо жанын берген бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеребиз. Шейиттерибиз бул өлкөнүн кепилдери болуп саналат. Желегибиздеги жарым ай көз карандысыздыгыбыздын символу болот. Жылдыздар болсо шейиттерибиздин белгиси болуп эсептелет. Бүгүн 15-июлга карата көптөгөн программа өткөрүлөт. Максатыбыз 81 миллион жараныбыздын туугандыгын, биримдүүлүгүн жана ынтымагын туруктуу кылуу»,-деди.


Этикеткалар: Шейиттерибиз , жарым ай

Тектеш кабарлар