Стамбулда 15-июлга карата жөө жүрүш өтөт

Түркиянын президенттиги жарандарды 15-Июль шейиттер көпүрөсүндө өтө турган жөө жүрүшкө чакырды.

Стамбулда 15-июлга карата жөө жүрүш өтөт

Түркиянын президенттиги, жарандарды президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда 15-Июль шейиттер көпүрөсүндө өтө турган жөө жүрүшкө чакырды.

Президенттиктин Твиттер баракчасынан Демократия жана Улуттук биримдик күнүнөн улам бүгүн Стамбулда өткөрүлө труган жөө жүрүш эске салынды.

«Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда 15-июль жекшемби күнү саат 21.00де жалпы улут катары Стамбулдагы 15-Июль шейиттер көпүрөсүнө чогулабыз» деген бөлүшүүдө, ФЕТӨнүн 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине каршы элдин көрсөткөн эр жүрөктүүлүгүнө байланыштуу видеого да орун берилди.

 

 



Тектеш кабарлар