Түркиянын алгачкы айдоочусуз локомотиви жүрүүчү метро жолу ачылды

Метро багыты президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан азем менен тейлөөгө киргизилди.

surucusuz metro.jpg

Түркиянын алгачкы айдоочусуз локомотиви жүрүүчү Үскүдар-Чекмекөй-Санжактепе метро багытынын экинчи этабы ачылды.

Метро багыты президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан азем менен тейлөөгө киргизилди.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө жаңы багыт менен Үскүдардан Чекмекөйгө 27-мүнөттө жетиле турганын, бул багыттын бир күндүк жүргүнчү ташуу көлөмү 700 миңге жетээрин айтты.

Транспорт тыгынында 15 миң унаа азая турганы эсептелгенин маалымдаган Эрдоган, Стамбулда метро багыттарынын узундугу 170 чакырымга жеткиргендерин эске салды.

 Эрдоган, учурда курулуп жаткан долбоорлор менен темир жол системасынын узундугу 2019-жылы 355 чакырымга, жаңы долбоорлор менен акырында 1000 чакырымдан аша тургандарын маалымдап, үстүбүздөгү жылдын акырына дейре метрого айландырылган 63 км узундугундагы мурдагы Гебзе-Халкалы чет жакадагы багытты дагы тейлөөгө киргизүүнү ойлогондорун билдирди.

Стамбулду глобалдык борборго айландыруу максатына кадам-кадам жакындап бараткандарына көңүл бурган Эрдоган: «29-октябрда жаңы аэропортубуздун ачылышын ишке ашырабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: метро , Эрдоган

Тектеш кабарлар