Чавушоглу Лаоско барат

Бул тууралуу Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында билдирилди.

Чавушоглу Лаоско барат

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрү үчүн Лаоско барат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Чавушоглунун 7-8-ноябрь күндөрүндө Лаос Элдик Демократиялык Республикасына бара турганы билдирилген.

Бул сапардын Түркиядан Лаоско тышкы иштер министри деңгээлинде алгачкы сапар боло турганына басым жасалган билдирүүдө, Чавушоглунун ушул алкакта кесиптеши Салеумхау Коммасит менен боло турган жолугушууларында эки тараптуу карым-катнаштар жана кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү карала турганы, аймактык жана эл аралык абалдар туурасында пикир алмашыла турганы белгиленди.

Анда министр Чавушоглунун Лаостун премьер-министри Тхонглун Сишулит тарабынан кабыл алына турганы маалымдалды.


Этикеткалар: Лаос , Чавушоглу

Тектеш кабарлар