Түркия АКШнын чечимин оң кабыл алды

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын, «Террордук уюм ПККнын корбашчылары туурасында маалымат бергенге сыйлык» деген жарыясын оң кабыл алгандарын билдирди.

Түркия АКШнын чечимин оң кабыл алды

Түркия, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын корбашчылары туурасындагы чечимин оң кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын, «Террордук уюм ПККнын корбашчылары туурасында маалымат бергенге сыйлык» деген жарыясын оң кабыл алгандарын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын террордук уюм ПККнын 3 корбашчысынын өздүктөрүн же жашырынган жерин белгилей турган маалыматтарды бергендерге карата акчалай сыйлык берилиши боюнча чечими тууралуу тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, министрликке суралган суроого жооп берди.

Аксой: «АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын террордук уюм ПККнын 3 корбашчысынын өздүктөрүн же жашырынган жерин белгилей турган маалыматтарды бергендерге карата акчалай сыйлык берилиши боюнча чечимин оң кабыл алдык. Бул кадамдын ПКК жана уландысы менен күрөшүү багытында Ирак жана Сирияда ортого салына турган так кадамдар менен колдоого алынышын күтүүдөбүз»,-деп айтты.

АКШнын Европа жана Евразия иштери боюнча жооптуу кеңешчи орун басары Мэтью Палмер, АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын террордук уюм ПККга мүчө жалган корбашчылар Мурат Карайылан, Жемил Байык жана Дуран Калкандын өздүгү же кайда экенин мүмкүн кылган маалыматтарга карата акчалай сыйлык бериле турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар