Грециядан Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо

Грециянын премьер  - министри Алексис Ципраз Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо берилиши керектигин айтты.

Грециядан Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө  колдоо

 Грециянын премьер  - министри Алексис Ципраз Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо берилиши керектигин айтты.

Алексис Ципраз Афинага сапар менен барган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен өткөргөн жолугушууда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Ципраз : «Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү түрк калкынын пайдасына болот жана аймактагы ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн маанилүү болот»,- деди.

Меркель менен түрк  - грек карым  - катнаштарын жана Кипр маселесиндеги акыркы абалдарды карап чыгышкандарын айткан Ципраз Кипр маселесине адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолдун табылышы үчүн кылынган аракеттерге колдоо берилиши керектигин айтты.

Германиянын канцлери Меркель болсо Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган качкындарды тапшыруу келишиминин маанисинен сөз кылды.

Меркель бул келишимдин ийгиликтүү болгончолук качкындарды тапшыруу тууралуу Европа Биримдигинин ичинен чыккан мыйзамдуу маселелерди ашып өтүүгө аракет кылынгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар