Түрк делегациясы АКШга барат

Делегациянын АКШдагы жолугушууларында Сирия, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүү сыяктуу темалар каралышы күтүлүүдө.

Түрк делегациясы АКШга барат

Тышкы иштер министринин орун басары Өнал жетектеген делегация 5-февралда АКШга барат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык министрдин орун басары Өнал жетектеген делегация Түркия-АКШ Биргелешкен жумушчу тобунун жыйналыштарынын алкагында 5-февралда АКШга барат.

Делегациянын АКШдагы жолугушууларында Сирия, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүү сыяктуу темалар каралышы күтүлүүдө.

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, Бретт Макгурктун ордуна Глобалдык коалиция боюнча атайын өкүл катары дайындалган Жеймс Жеффри жана башкы штаб башчысы Жосеф Данфорд орун алган АКШнын делегациясы 7-8-январда Анкарада жолугушууларын өткөргөн.



Тектеш кабарлар