Еййуби Султан Сүлейман Хандын мазары табылды

Батмандын Хасанкейф районундагы тарыхый чыгармаларды көчүрүү үчүн жасалган казууларда Еййуби Султан Сүлейман Хандын мазары табылды.

Еййуби Султан Сүлейман Хандын мазары табылды

Батмандын Хасанкейф районундагы тарыхый чыгармаларды көчүрүү үчүн жасалган казууларда Еййуби Султан Сүлейман Хандын мазары табылды.

Батман музей директору Шейхмус Генч берген маалыматта Ылысу суу сактагыч долбоорунун негизинде суу астында кала турган чыгармалардын Хасанкейф маданий парк аянтына алып баруу иштеринин тыкандык менен жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Ушунун негизинде 1407 – жылы Султан Сүлейман Хан тарабынан курдуртулгандыгы билинген Сүлейман Хан мечитинин мунарасынын көчкөндүгүн эске салган Генч : «Сүлейман Хан мечитиндеги казууларда Султан Сүлейман Ханга таандык экендиги белгиленген мазарга туш келинди. Ошол эле учурда ошол эле жерде Еййуби династиясынын мүчөлөрүнө таандык экендиги болжолдолгон 6 мазар дагы такталды. Султан Сүлейман Хан мазары, мазар таштары, сандыгы жана чыгарылган скелеттер коргоого алынгандан кийин Мардин Артуклу университетине жиберилди»,- деди.

Генч Мардин Артуклу университетиндеги иликтөөлөрдөн кийин Сүлейман Хан күмбөз жана сандыгынын кайрадан Хасанкейфке алып барыларын айтып : «Керектүү иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин Хасанкейф музейинде коргоого алынат. Ошол эле учурда Султан Сүлейман Ханга таандык сандыктын рестоврация иштери да музей директорлугубуздун негизинде улантылууда. Булардын рестоврация иши бүткөрүлгөндөн кийин Хасанкейф музейинин көргөзмө бөлүмүндө көргөзмөгө коюлат»,- деди.



Тектеш кабарлар