Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 49

Алеппо менен бирге адамзаттык да жок болуп баратат

Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 49

 

1990 – жылдардын биринчи жарымында Боснияда болгон этникалык тазалыкка каршы АКШда бир афишада  булар жазылган  «Босниялыктардын каны адамзаттын жүзүндө бир так». 1991 – 1995 -  жылдардын арасында болгон Босния коомун жашатып калуу күрөшүндө он миңдеген киши каза болуп, мекендеринен сүрүлүп жана бардык зулумчулдукту көргөн. Ал жылдарда Орусия дүйнөлүк саясатта четте калган. Ушуга карабастан 1990 -  жылдардын башында батыштык өлкөлөр Босния кризисин жөн гана карап турушкан. Чечкиндүү кыймыл кылышканда Боснияда төгүлгөн кан жана адамзаттыктын намысын тебелөө кыска убакытта соңуна чыкмак.

Акыркы беш жылдан бери Боснияда байкалгандан дагы чоң кайдыгерлик Сирияда болуп жатат. Бүгүн Чыгыш Алепподо келинген жер батыштын Сирия саясаттарынын ийгиликсиздигинин жыйынтыгы. Бир байкоочунун айтканындай : «Чыгыш Халеп бүгүн Батыштын кош борбор шаары». Орусия жардам берген Асад аскердик күчтөрү Алеппонун оппозициячылдар тарабынан коргоого алынган акыркы аймагына карай жылып баратат. Дүйнө болсо алдын тосууда ийгиликсиз болгон аскердик жана адамзаттык апааттын чыгымдарын эсептөө менен кала тургандай көрүнүүдө.

Батыштын Сириядагы ийгиликсиздиги абдан ачык жана так, ал түгүл парламенттеринде да ачыкча айтылууда. Немис федералдык парламентиндеги Сирияга байланыштуу отурум мунун көрсөткүчү. Бул отурумда сөз сүйлөгөн немис федералдык парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Норберт Рөттген батыштык өлкөлөрдүн Сириянын Халеп шаарында болгондорду токтотууда жетерсиз жана жөндөмсүз экендигин айтуудан тартынган жок. Рөттген батыштык өлкөлөрдүн Алепподо болгон адамзаттык трагедиядагы позициясын эс учун жоготуу деп мүнөздөдү. Анын оюу боюнча «Алеппо батыштын тышкы саясатынын акыркы жылдардагы эң чоң апаатынын символу» эле.

Тарыхтын кара барактарына өтө турган адамзаттык апаатка бүткүл дүйнө күбө болууда. Бул апаатка кеткен жолду Орусиянын 2016-  жылдын  апрель айында аскердик күчүн аракетке өткөрүүсү менен ачты. 2015 -  жылдын биринчи чейрегинде Асад режиминин Иран, Ирак жана Ливандан чыккан Хизбуллахтан алган жардамга карабастан мөөнөтүнүн толгондугу белгиленген. Бирок Батыш «Асадсыз Сирия» тууралуу эки анжы ойдо эле. Айрыкча ДЕАШ факторунун ортого чыгышы өзгөчө АКШны ДЕАШка дагы көп көңүл бурууга багыттады. Бул абал Орусия үчүн мүмкүнчүлүк катары каралды жана Асад режимин коргоо үчүн аскердик күчүн ортого салды. Орусия 2015 -  жылы апрель айынан бери жарандар дебестен, оорукана, мектеп дебестен абадан бомбалады. Абадан кол салуулар менен бирге Чыгыш Халеп суусуз калып, тамак – аш кыйынчылыгын тартууда. 2015 – жылы апрелден берки Орусиянын абадан кол салууларында 2,700дөн ашуун киши каза болду. 26 -  ноябрдан бери Чыгыш Алепподон эң аз 25 миң киши чыгып кетти. Аймакта азыр да 50 миңден ашуун кишинин жашап жаткандыгы болжолдолууда.

Орусия 20 -  январга чейинки убакыттын ичинде Чыгыш Алеппону оппозициячыл күчтөрдөн тазалоого аракет кылууда. Жаңы президент ант бере турган убакытка чейин өткөөл процессиндеги АКШ башкаруусунун Орусиянын таштаган кадамдарынын жанында кыймылсыз калары ойлонулууда. Өзүнөн күтүлбөгөндүгүнө карабастан Трамп башкаруусунун катуу  мамиле кылуу ыктымалы орус лидерлигин дагы да көп аскердик күч колдонууга багыттоодо. Чыгыш Алеппо да болуу менен мүмкүн болушунча дагы көп аймактын оппозициячылдардан тазаланышынын жаңы президентти Сириядагы жаңы чындыкты кабыл алууга түртөрү ойлонулууда.

Сирияда Экинчи дүйнөлүк согушунан ушул кезге чейин болгон эң чоң жарандык кыргындардын бирөөсү болду. Бирок болгон ошончолук кыйынчылыктарга карабастан Чыгыш Халепте дарыгерлер жана түрдүү жарандык мекемелер кыйынчылыктардын токтошу үчүн аракет кылышууда. Бүгүн Сирияда миңдеген кишинин жанын кыйып бардык күчтү колдонууга багыт алгандардын бир күн бардык нерсе токтогондо согуштун кылмышкери катары тарых сотунда соттолушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар