Түркия терезесинен Жакынкы - Чыгыш 50

Хафтер Москвадан колдоо каалап жатат

Түркия терезесинен Жакынкы - Чыгыш 50

Сүйүктүү  угармандар, мурунку жумадагы программабызда Ливия диалог  группасы тарабынан келишилген Ливия саясий келишиминен сөз кылганбыз. Бул келишим боюнча Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн 2016 -  жыл апрель айынан баштап борбор шаар Триполиде иштерин баштаганын белгилегенбиз. Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн тааныган куралдуу күчтөрдүн ДЕАШты Сирте шаарынан жана бардык Ливиядан чыгаруу үчүн операцияны баштаганына карабастан Улуттук Макулдашуу Өкмөтү эмдигиче кадыр – баркын ортого салууда олуттуу маселелер менен беттешкендигине да токтолгонбуз. Тизмеси абдан узун болгон бул маселелердин башында эми кызмат мөөнөтү толгонуна карабастан жашоосун улантып жаткан Тобруктагы Өкүлдөр Парламенти (ТМ) бар. Өкүлдөр Парламентине караштуу бир өкмөт жана анын аскердик күчтөрүнүн башындагы генерал Халифе Хафтер Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн жана улуттук макулдашуунун алдындагы эң чоң тоскоолдук. Ал түгүл өлкөнүн чыгышында барган сайын күчүн бекемдеген Хафтер аймакта бир аскердик башкарууну курууга багыт алды.

Ливияда биримдик багытындагы изденүүлөргө бөгөт болгон башка бир маанилүү фактор да ливиялык саясий группаларды маселени чечүү столуна отуртууга аракет кылган Ливия тышы актерлордун Ливия саясаттарынын бири бири менен макулдашпагандыгы. Бүгүн Ливиядагы абалдар боюнча сөз ээси болууга аракет кылган АКШ, Британия, Франция, Италия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия жана ал түгүл Түркиянын бир бирине шайкеш бир Ливия саясаттары жок. Бул абал ар бири ошол эле өкмөттү расмий кадыр – барк катары кабыл алууларына карабастан, ар башка ливиялык актерлорго колдоо берүүлөрү сыяктуу жыйынтыкты жаратууда. Ошондуктан бул да улуттук биримдик изденүүсүнүн тоскоолдукка учуроосун кошо алып келүүдө.

Ливиянын чыгышында күн өткөн сайын күчүн бекемдегенине карабастан Хафтер азыркы абалдан ыраазы эмес. Египет жана Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан ачык, Франция менен Сауд Аравия тарабынан берилген үстү жабык колдоо Хафтерди эртерээк өзү каалагандай чечүүчү жолго алып барууга жетпейт.

Хафтер Орусиянын Ливия маселесине активдүү кийлигишүүсү менен Сирияда болгондой оюн алмаштыра турган роль ойной тургандыгына ишенет. Ушул себеп менен да ачык бир орус колдоосун алуу үчүн бул жылдын ичинде экинчи Орусия сапарын ишке ашырды. Бул акыркы сапардын болушуна себеп болгон нерсе АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын жеңип чыгышы болду. Трамптын  жаңы Жакынкы Чыгыш саясаты тууралуу берген маалыматтары бардык исламчылдарды террорист категориясында көрүшү жана Орусия арасында Жакынкы Чыгышта жаңы бир кызматташтык чөйрөсүнүн жаралышы мүмкүн экендигин ойлоодо. Хафтер мындай союздаштыктын Ливиядагы тандаган жолунун Тобрук өкмөтү болору жыйынтыгына барды. Ушул себеп менен да Генерал орустардан курал жана машыктырууну камтый тургандай түрдө аскердик жардам суроо үчүн Москвага барды. Эгерде Москва Ливия маселесине тараптардын бирөөсүнүн пайдасы үчүн оордугун сала турган болсо мунун чындыгында  оюнду алмаштыра турган бир таасир жаратарына шек жок. Андай болсо Москва эмне үчүн мындай жолду тандайт беле?

Сириядагы мамилесинен айырмаланып Орусия ушул күнгө чейин Ливия маселесине кошулуудан алыс турду жана ушул кезге чейин да БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ливияга байланыштуу эч чечимди вето кылган жок. Айрыкча акыркы эки жылдын ичинде жүргүзүлгөн Ливия саясий диалог сүйлөшүүлөрүн жана ортого чыккан келишимди Орусия колдоду. Ал түгүл Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн да тааныды. Муну менен бирге чындыгында Орусиянын симпатиясынын Хафтер менен Тобрук өкмөтүнө карата экендиги белгилүү. Ливия маселесинде Орусиянын позициясы Франция, Египет жана Бириккен Араб Эмирликтерине жакын турат. Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен болгон жолугушуусунда каалаган аскердик колдоону алуу үчүн Хафтер орток душман терроризм картасын колдонууга аракет кылды. Бирок Кремлдин расмий катчысынан Орусиянын бул колдоону берерине  байланыштуу маалымат келген жок. Ушуга карата катчы Орусиянын Ливияда ар башка саясий бөлүктөр менен байланышынын бар экендигин жана Хафтер менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн да бул процесстин бир бөлүгү экендигин белгиледи. Айрыкча Орусиянын расмий кабар агенттигинин Лавров  - Хафтер сүйлөшүүлөрү тууралуу кабары да кааланган колдоонун берилгендигин көрсөтпөй жаткан. Лавров Хафтерге Орусиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине карата Ливияда улуттук макулдашуу изденүүлөрүнүн колдоочусу экендигин билдирген.

Трамп шайлоо үгүтүнүн негизинде бат – бат Обама башкаруусун жана Хиллари Клинтонду Ливия саясатынан улам сынга алган. Айрыкча Путинден дайыма оң сөз кылган Трамп президент болгондо Жакынкы Чыгышта Орусия менен кагылышуу эмес, кызматташтык түзөрүн белгилеген. Мына ушул себептерден улам Хафтер колдоочулары Трамптын жеңишин өздөрү үчүн жакшы бир абал катары көрүштү жана куттукташты. Алардын оюу боюнча Трамп  Ливия тууралуу Ел Сиси менен макулдаша турган, аймакта Орусия менен кызматташтык түзө турган жана Ливия кагылышуусунда Орусиянын активдүү ролуна каршы чыкмак эмес. Бул активдүү роль да албетте Тобрук өкмөтүнө жана Хафтердин аскердик бөлүктөрүнө аскердик жана саясий колдоо берүү түрүндө болмок.

Орусиянын расмий  билдирүүлөрүнө караганда Орусия азырынча Ливияда улуттук макулдашуунун түзүлүшү тууралуу БУУнун жол башчылыгындагы эл аралык аракеттерди колдоодо. Бирок Сириядагы абалдардан улам  Орусиянын эл аралык коом менен консенсус ичинде болуу санаасы жок. Керек болсо өз чечүүчү жолун альтернатив катары башкалардын алдына коюдан тартынбай тургандыгын Украинада жана Сирияда  болгондор ортого салды. Бүгүн Түндүк Африканын абалы жана батыштык өлкөлөрдүн бири бири менен шайкештик саясатын өнүктүрүүдөгү алсыздыгы негизинен Ливияда да Орусияга шайкеш  бир пайдубал түптөп жатат. Бирок Орусия мүмкүнчүлүктөрүнүн жана күчүнүн тышына чыккысы келбейт. Кыскасы Орусия колундагы мүмкүнчүлүктөрдү гана колдонгусу келип турат.



Тектеш кабарлар