Түркия терезесинен Жакынкы - Чыгыш 51

Халептин кулашы Асад режими үчүн чечүүчү жолду табабы?

Түркия терезесинен Жакынкы - Чыгыш 51

Сегиз ай мурда сириялык дарыгер Усаме Ебу Ел Езз  : «Халепте  табыт калбай баратат»,- деп үн салып жаткан.

2016 -  жылдын апрель айынан бери Халептин оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймагында өмүрдүн өлүм менен бетме – бет келүүдөн айырмасы жок эле. Бул жактан алып караганда 2016 -  жылдын алгачкы айларында жарыяланган бир Эл аралык амнистия уюмунун отчету маанилүү маалыматтарды сунуштаган. Орусиянын жана Асад режиминин аба күчтөрүнүн атайын жана системалуу түрдө ооруканалар менен саламаттык сактоо клиникаларын бутага алгандыгы белгиленген. Жарыяланган ок атышпоолордон мурда жана андан кийин Асад режиминин жана орус аба күчтөрүнүн учактары системалуу түрдө оорукана жана клиникаларды бутага алды. Эл аралык амнистия уюмунун кызматкерлерине караганда саламаттыкты сактоо мекемелери жана саламатыткты сактоо кызматкерлерине карата бул кол салуулар жүргүзүлгөн согуштук стратегиянын бир бөлүгү эле. Эл аралык укукка тескери болуу да аракеттеринин бири болгон.

Ооруканалар, электр станциялары жана ичүүгө боло турган суу комплекстери орус жана Асад режиминин кол салууларынын буталары болду. Муну менен бирге кол салууга дуушар болгон шаар тургундарынын аймактан чыгууга мажбур болушун максат кылды.

Акыркы беш жылдын ичинде Сирияда жүздөгөн  дарыгер каза болду. Адам укуктары үчүн дарыгерлер аттуу бир мекеменин иликтөөсүнө караганда 2016 -  жылдын апрель айына чейин Сирияда акыркы беш жылдын ичинде 730 дарыгер каза болду. Айрыкча ал күндөргө чейин 269 саламаттыкты сактоо мекемесине жалпы 382 абадан кол салуу жасалды. Сөзү болгон иликтөөнүн жарыяланышынан декабрь айына чейин өткөн убакыттын ичинде саламаттыкты сактоо мекемелерине 54 кол салуу жасалган.

Бул жумадан баштап Чыгыш Халеп толугу менен Асад режиминин колуна өттү. Бул жерде эл аралык коомдун атынан жалпысынан сөз сүйлөө укугунун өзүндө экендигин ойлогон Батыш дүйнөсүнүн чоң жоопкерчилиги бар. Батыштын Сирия фиаскосу так болгондуктан парламенттеринде да ачыкча сөз кылышууда. Англиянын мурунку финансы министри жана консерватор партиянын депутаты Жорж Осборн бул жумада общиналар палатасында  сүйлөгөн сөзүндө өлкөсү жана Батыш дүйнөсүнүн атынан бул сөздөр менен сынга алды : «Эгерде Сирияда болгондор тууралуу жоопкерчилигибиздин жок экендигине ишенип жаткан болсок, бул парламенттеги кишилер катары өзүбүздү алдап жатабыз. Халеп трагедиясы, Батыш, Америка жана англис лидерлиги жараткан бир боштукта ортого чыкты». Эки жума мурун да немис федералдык парламентиндеги Сирияга байланыштуу отурумда сөз сүйлөгөн немис федералдык парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Норберт Рөттген : «Халеп Батыш тышкы саясатынын акыркы жылдардагы эң чоң апаатынын символу»,- деген.

Экинчи дүйнөлүк согушунда фашисттердин кыргынынын дагы бир жолу болбошу үчүн «эч качан болбойт»,- дегендер сөздөрүн бат эле унутушту. Буга окшогон нерселер Палестинада, Боснияда, Халепчеде жана акыркы болуп Сирияда болду. 2013 -  жылы Асад режими өз калкына каршы химиялык куралдар колдонулганда жарыяланган кызыл сызыктардын ары жагына да өтүлгөн. Бирок батыш дүйнөсү химиялык куралдардын колдонулушуна каршы керек болгон  жоопту берүүдөн алыс турду. Андан да жаманы Орусиянын планы ичинде ойноону кабыл алды. Була бал бул күндөн кийин болгон бардык согуштук кылмыштардын да эшигин ачты.

Халеп Орусия аба күчтөрү берген жардамдан кийин толугу менен Асад режими күчтөрүнүн колуна өттү. Бирок бул абал режимдин күчтүү экендигин көрсөткөн абал эмес. Халептин кулашы, Орусиянын берген жардамдары менен бирге Иран башкарган чет элдик куралдуу күчтөрдүн, Ирактан келген куралдуу күчтөрдүн жана Хизбуллахтын берген жардамы менен болду. Акыйкаттан да режим Халепти эртерээк колго алууну күчтөндүрүп Пальмираны кайрадан ДЕАШка алдырды.

Сирияда базисинин талкаланышынан башка  саясий жактан да бөлүнүп – жарылган бир мамлекет оордук басууда. Бирок төрт өлкөдөн келген тышкы жардам менен жашап жаткан режимдин үстүнөн өкүмдүк кылууга аракет кылган өлкөдө мамлекет жөн гана кыял болуп калууда.

Режимдин айткандарынын тескерисинче Халеп эркин боло алган жок.

Халептен кийин Асад режимине каршы күрөштүн чоң өлчөмдө партизандык согуш түрүндө улантылышы күчтүү ыктымал. Орустардын абадан колдоосунун бир таасири болбой турган бул күрөштүн Асад режиминин кысымчыл саясаттарынын натыйжасында соңуна чыгышы мүмкүн эмес. Тескерисинче режимдин кысымчыл саясаттарынын партизандык согушун аскерлер менен камсыз кылуу функциясын аткарышы сөз боло алат.

Сирияда болгон кагылышуулардын акырында режим абдан чоң кулатууларга себеп болду. Айрыкча миллиондогон киши жашаган жерлеринен кетишти. Бул шарттардын астында режимдин уланта турган кысымчыл жаңы аракеттеринин ортого чыгышында көкүтүүчү роль ойнойт. Бул каршы чыгуунун 1982  - жылдагы Хама окуясына окшобой тургандыгын акыркы беш жылдын чинде болгон окуялар жетеринче көрсөттү. Себеби режим 1982 -  жылы болгондой күчтүү эмес жана маселе да бир гана шаардын бастырылышы менен чечиле турган эмес. Чет элдик күчтөрдүн болушу болсо дайыма бир кемсинтүүнүн эске салуучусу болот. Ошондуктан Сирияда радикал бир социалдык, экономикалык жана саясий бурулуш болгон сайын азыркы режим жана колдоочулары маселе жаратууну улантышууда.



Тектеш кабарлар