Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 52

ДЕАШтан кийинки Ливия

Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 52

 

6 айга жакын убакытка созулган күрөштөн кийин ДЕАШтын көзөмөлүндөгү Ливиянын Сирте шаары жана жакындары куткарылды. Шаар 2015 -  жылдын башынан бери террордук уюмдун башкаруусу астында эле. Өлкөдөгү  бийлик боштугунан пайдаланган уюм Сиртеде өзүнө ыңгайлуу бир пайдубал тапкан болчу. Эч шек жок, Сиртенин куткарылышы Ливиядагы ДЕАШтын жашоосун жана коркутуусун олуттуу даражада азайтты. Бирок Ливия ичинде болгон хаостон кутулушу үчүн дагы көп нерсеге муктаж. Түрдүү саясий, коопсуздук жана экономикалык маселелердин чечилиши үчүн олуттуу кадамдардын ташталышы керек.

Сирте ДЕАШтын Сирия жана Иракта текшерүү астына алган жерлердин тышында текшерүүгө алган бир гана жер болушу жактан маанилүү эле. Айрыкча Европага болгон жакындыгы да маанилүү. ДЕАШ Сирте менен бирге Жер Ортолук деңиз жээги боюнча 150 километрдик жээк тилкесин текшерүүсү астына алган болчу. БУУнун колдоосуна ээ Улуттук Макулдашуу Өкмөтү менен союздаштык түзгөн мысраталык куралдуу күчтөр кыйын бир аракеттен кийин ДЕАШты Сиртеден чыгарууда ийгиликтүү болушту.

Улуктук Макулдашуу өкмөтү ДЕАШка каршы башынан бери бир гана  тандаган жолу террордук уюмду жеңилүүгө учуратып Сиртеде текшерүүнү колго алуу. Антпесе үч өкмөт болгон өлкөдө бир альтернативдик абалга келиши мүмкүн эмес эле. Айрыкча Улуттук Макулдашуу өкмөтүн азыр да кабыл албаган куралдуу күчтөр үчүн да бир тартуу борбору болушу үчүн Сиртеде ийгиликтүү болушу керек эле. Мына ушул бир гана жол Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн премьер – министри Файиз Сиражды АКШ өкмөтүнөн жардам суроого мажбурламак. 1 -  августтан баштап Америка учактары ДЕАШ буталарын бомбалай баштады. Бирок ДЕАШка каршы  негизги чыр – чатакты ливиялыктар чыгарды. Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн күчтөрү согушта 730 аскерин жоготту. Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн 3 миңге жакын аскери жараланды. Андай болсо Америка аскердик жардамынын акырында ДЕАШка карата ийгилик Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн кадыр – баркын түзүү менен Ливиянын бүтүндүгүн түзүүгө жол ачышы мүмкүнбү? Бул тилекке каршы андай жеңил болбойт. Ливияда кагылышкан бөлүктөрдү бириктирген бир өкмөттүн бийликти түзүшү үчүн  чечиши керек болгон үч негизги маселе бар.

Булардын биинчиси ДЕАШтын кайрадан уюмдашуу менен жаңыдан коркунуч туудуруу  күчү. Эч шексиз ДЕАШ стратегиясы жактан Сирте географиялык абалынан улам абдан идеалдуу шаар эле. Уюмдун  Сиртеде стратегиялык бир жоготуу жашашы бардык Ливияда күчүн жоготту деген мааниге келбейт. ДЕАШтын Сиртеден чыгышы жана Ливиянын башка жерлерине таркаган куралдуу күчтөрү барган жерлеринин шарттарына карата кайрадан түзүлүшү мүмкүн. Чөл шарттары жаңы куралдуу күчтөрдү түзүү үчүн ыңгайлуу  шарт түзүүдө. Текшерүүсү болбогон чек аралар жана бир канча уруудан турган аз сандагы аймак, уюмга убактылуу артка чегинүү үчүн стратегиялык бир негиз даярдап жатат. ДЕАШ болгон чөйрөсүнө оңой ыңгайлашкан уюм. Айрыкча кайрадан активдүү болуу күчүн дайыма таба алат. Бул жерден Боко Харам жана Аль Каиданын аймактык түзүлүштөрү менен да кызматташтыкка өтүшү ыктымал. Ошондуктан ДЕАШ коркунучу жана коркутуусу толугу менен соңуна чыккан деп айтыла албайт.

Экинчи негизги маселе Сиртенин куткарылышынын Улуттук Макулдашуу Өкмөтү менен атаандаш куралдуу күчтөрүнүн арасындагы кагылышуу жана кагылышууларды күчтөндүрүү ыктымалы.

Өзгөчө да Тобруктагы Өкүлдөр Парламентин таасири астына алган Генерал Халифе Хафтердин командирлиги астындагы Ливия Улуттук Армиясы үчүн бул абал айтыла албайт. Аты армия болуу менен жана башында бир генерал болуу менен бирге Ливия Улуттук Армиясы да бир куралдуу күчтөр коалициясы. Сиртенин куткарылышынын  Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн жалпы престижи жактан символдук  баасы бар. Бирок бул символдук  бааны жетишкендикке айландыруусуна бөгөт  болуу үчүн Хафтердин дароо изденүү ичине киргендигин көрүүдөбүз. Москвага сапар  менен барып Орусиянын колдоосун алууга аракет кылышы жана Батыш Ливиядагы союздаштарын «Триполинин куткарылышы» үчүн аракетке өтүүгө чакырышы бул изденүүнүн так көрсөткүчү.

Үчүнчү маселе катары да өндүрүш булактары тактап айтканда нефть боюнча бийликти куруу конкуренциясынын тереңдеши.

Нефть булактары боюнча бийлик курган өлкөдө мыйзамдуулукту түзүүнүн маанилүү элементтеринин арасында орун алууда. Себеби нефть булактары тууралуу текшерүүнү колго алган бөлүк ошол эле учурда улуттук кирешени текшерүү астына алат жана калктын жалпы бейкуттугуна таасирин тийгизе  турган абалда болот.

Улуттук Макулдашуу Өкмөтү Сиртеде ДЕАШка каршы күрөшүп жатып, өзүн Ливиянын үмүтү катары бүткүл дүйнөгө сунуштоого аракет кылган Хафтердин нефть аймагынын текшерүүсүн колго алуу аракети бул жактан каралганда абдан маанилүү. Сиртенин куткарылышы менен Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн жетише турган кадыр – баркты жок кылуу аракети. Бул аймакты колго алуу менен Хафтер жана Ливия Улуттук Армиясы Улуттук Макулдашуу өкмөтүнүн стратегиялык бир булакты коргоо көлөмөнүнүн жок экендигин көрсөтүүнү каалаган. Айрыкча кайрадан нефть экспортунун башталышына шарт түзүү менен өзүнүн мыйзамдуулук пайдубалын күчтөндүрүүнү каалаган.

Сиртедеги акыркы ийгилик ливиялыктарга терроризмди  - орток душманга каршы биргеликте күрөшүү менен жеңе аларын көрсөттү. Билинише керек болгон башка бир чындык да өз араларында жашаган бөлүнүү жана кагылышуулардын ДЕАШтын Ливияда пайдубалын түптөөсүнө жол ачты. Түрдүү ливиялык саясий жана куралдуу күчтөрдүн өз араларындагы күч жана мал – мүлк үчүн улантып жаткан кагылышуунун эртерээк соңуна чыгышы керек.

Бирок жашырууга болбой турган башка бир чындык ливиялыктардын ортосундагы бул бөлүнүү жана кагылышууну көкүткөн жана чоңойткон да аймактык жана эл аралык күчтөрдүн ойногон ролу. Бул күчтөрдүн жалпысынан Ливияда ойногон ролу оң болбой жатат. Ливиялыктардын бул абалда өз маселелерин толугу менен өздөрүнүн чечиши мүмкүн эмес.

Айрыкча эл аралык жана аймактык күчтөрдүн өз Ливия саясаттарын макулдаштырышы керек. Эгерде Ливия бир бүтүн катары өнүгө турган болсо АКШ башта болуу менен батыштык өлкөлөрдүн саясаттарына шайкештикти көрсөтүү менен ар башка жергиликтүү актерлорго оюн ойноодон баш тартышы керек. Бир тараптан Улутутк Макулдашуу Өкмөтүнө колдоо бергендей болуп көрүнүп, бир тараптан да Хафтерге карата ачык симпатия көрсөтүүсү маселенин чечилбестигин күчтөндүрүүдө.



Тектеш кабарлар