Түркиянын жаңы көз карашы-3

Акыркы мезгилдеги Жакынкы Чыгыш саясатына сереп салуу.

Түркиянын жаңы көз карашы-3


Түркия негизги коомдук жана бюрократиялык маселелерди чечүү үчүн инфраструктуралык иштерди жүргүзүшү зарыл.

Ушул темада белгилүү деңгээлде илгерилеш үчүн коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү, техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетиштүү абалга айлануусу жана эң акыркысы келечекке карата көз карашы болушу керек. Келечекке карай перспективасы жок коомчулук эч бир маселени чече албайт. Жаңы өнүгүүлөргө да жетише албайт. Коомчулуктарды динамикалуу кылган эң маанилүү жагдай адамдардын ой-кыялдарга ээ болушу. Мартин Лютер Кинг, Америкадагы расалык бөлүнүүнү ааламды жаңырткан чакырыгы менен соңуна чыгарган.

Мамлекет деген бул жеке инсандардын коомдук тармактагы муктаждыктарын камсыздоо үчүн пайда болгон уюмдашуу болуп саналат. Бул түзүлүштүн атайын идеологияны камтышы орчундуу маселелерге себепчи болууда. Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин улуттук идеология боюнча түзүлгөн мамлекеттердин көпчүлүгү андан кийин бул түзүлүштөрүнөн баш тартууга аргасыз болушту. Анткени улуттук идеология акырында көп улуттук империялар жана королдуктарга каршы калыптана баштады.

Көпчүлүктүүлүккө каршы жана альтернатива катары бир түрдө болуу пикири үчүн улутчулдук маанилүү базисти түздү.

Улуттук мамлекеттер табигый түрдө ээ болгон айырмачылыктарды тартипке келтирүү үчүн аябай аракет кылышты. Жыйынтыгында дүйнөлүк мамлекеттер, Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин балким эң көп ассимиляция жана интеграция тармактарында саясаттарды жүргүзүп, стратегияларды түзүштү.

Андан соң дүйнөдөгү өзгөрүүлөр бул тармакта да б.а. мамлекеттердин расмий идеологияларынын түзүлүшүндө да айырмачылыктарды жаратты. Ал эмес көптөгөн мамлекет, жеке идеологияга ээ болуудан баш тартып башка саясий механизмге өттү.

Чыгыш блогунун кулашы менен бирге дүйнөдөгү өзгөрүү, жергиликтүүлүккө жана жергиликтүү динамикаларга карай жылды.

Улуттук маданияттар, ишеничтер жана өздүктөр адамдар үчүн маанилүү реферанс абалына айлана баштады.

Бул абал балким заманбап жашоонун эң орчундуу жана зор темаларынын бирин күн тартипке койду.

Бир тараптан болуп келген ыкма жана байланыштан улам глобалдык айылга айланган жаңы жер жүзүндө бири-бирлерине окшошо баштаган адамдар ошол эле учурда жеке өздөрүн да көрсөткүсү келип жатышат.

Жеке инсандар, бүткүл дүйнөдө барган сайын жайылган бирдей маалымат технологияларын колдонуп жана бирдей ыкма менен дүйнөгө карагандары үчүн окшошо баштады. Бул абал адамдардын жеке өздүктөрүнө коркунуч туудурган куюнга айланды. Бул коркунучтарга каршы жеке инсандар балким билип-билбестен өз өздүктөрүнө дагы да көп маани бере башташты.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн октуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баа берүүсүн окуп жатасыздар.

Жеке кишилер менен заманбапташуу жана жеке кишилер менен мамлекеттердин ортосундагы бул маселелер, учурдагы дүйнөнүн ааламдык укуктук принциптерине негизделген негизги коомдук келишимдер, конституциялар менен чечилүүгө аракет кылынууда.

Мына ушул заманбап дүйнө бул баш аламандыктарды тактап айтканда өз өзүнчө коомдук келишим болгон конституцияларына киргизген мыйзамдардын руху менен жойду. Бар болгон жоболорду өзгөртүп, эркиндик жана ачыктык ниетин коомдук башкарууда негизги принцип абалына айландырышты.

Биз муну жаңы дүйнө десек болобу? Албетте десек болот жана жаңы дүйнөнүн негизги милдети, баш аламандыктарды кагылышууга айландырбастан башкара алуу болуп саналат. Адамзаттык тарыхынын бир эле учурда кагылышуулар жана баш аламандыктардын тарыхы экени унутулбашы керек. Бирок ар бир баш аламандыкты кагылышууга айлантуунун кажети жок. Ансыз деле адам баласы бул дүйнөдө жашап жаткандан кийин баш аламандыктарды кандуу кагылышка айландырбастан токтото алган башкарууну түзө алуусу зарыл.

Ушундан улам эң мыкты мамлекет, айырмачылыктардын ортосунда калыстык кылган мамлекет болуп саналат. Мамлекеттердин негизги принциптери болсо коомчулуктардын талаптары менен муктаждыктарын демократиялык жана ачык жолдор менен камсыздоо же камсыздала албаганын көрсөтүү болот.

Ал эмес бул тема мурдагы мезгилдерде ал жөнүндө талкуу жүргүзгөн коомдук келишим түшүнүгү менен да айтылып келет. Эми болсо мамлекеттердин конституциялары, ошол эле учурда мамлекет менен коомчулуктун ортосундагы макулдашуу үчүн келишим мүнөзүндө болот.

Учурда мамлекеттердин бир гана конституциялары эмес, ошол эле учурда түзүлгөндүгүнө байланыштуу келишимдер да маанилүү боло баштады.

Бул макулдашуу келишимдери, конституциялар жана келишимдердин негизги максаты каалангандай ишке ашырууларды соңуна чыгаруу болуп эсептелет.

Мамлекеттердин мыйзамдын тышына чыгышына бөгөт коюу жана мыйзамга шайкеш келбеген жарандарга жазалык санкцияларды коомдун атынан ишке ашыруу болот.

Түркия, тарыхынын дээрлик эч бир мезгилинде коомдук талаптар жана тандоолорду эске алып конституция түзгөн жок.

Эгерде кандайдыр бир өлкөнүн эл тарабынан түзүлгөн конституциясы жок болсо, түзүлгөндүгүнө байланыштуу келишим жок болсо ал жердеги коомдук маселелер элдин эрки чагылган механизмдер менен эмес, бюрократия менен чечилүүгө аракет кылынат. Ошондуктан Түркияда да эң орчундуу маселелердин саясат аркылуу чечилүүсү керектигине байланыштуу пикир жана кубаттоолор акыркы бир канча жылдан бери жандана баштады.

Эске сала кетсек, башынан бери коомдук-саясий маселе болгон күрт маселеси узун убакыттан бери саясий актерлор оозуна да ала албаган тема эле.

Мына Жаңы Түркия, маселелерди жарандык саясат аркылуу чечкен, ар улут чогуу жана ынтымактуу жашаган жана булардын баарынан маанилүүсү өз конституциясын жашай алган өлкөнүн кыялы болуп саналат бир эле учурда...

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар