Түркиянын жаңы көз карашы-4

Түркия өз аймагындагы өзгөрүүлөрдөн эң көп таасир алган өлкөлөрдүн бири.

Түркиянын жаңы көз карашы-4
Заманбапташуу деген негизи жаңылануу дегенди туюнтат. Жаңылануу түшүнүгү адам каалабаса да оң көрүнүш жаратат. Ушундан улам кандайдыр бир коомдук өзгөрүү үчүн аң-сезимдерде пайда болгон жалпы кабыл алуулар бар. Булардын бирөө да өзгөрүүнүн бир эле учурда илгерилөө болгону багытында. Бирок коомдук өзгөрүүнүн тарыхы бизге ар бир өзгөрүүнүн илгерилөө эмес экендигин көрсөтүүдө. Коомчулук динамикалуу түзүлүш болгондуктан тынымсыз өзгөргөндүгү шексиз. Ал эмес өзгөрбөгөн жалгыз нерсе өзгөрүүнүн дал өзү экени айтылат. Белгилүү болгондой өзгөрүү темасы байыркы мезгилдерден бери сөз болуп келе жатат жана талкууланып келе жаткан тема. Ал доордун философу эфестик Гераклиттин «Бир дарыяга түшкөндөрдүн үстүнөн ар башка суулар агат» деген сөзү бул теманы кыскача түшүндүрүп турат.
Коомдук өзгөрүүнүн бир канча динамикаларын айта алабыз бирок эң жакшысы болгон эки фактордон сөз кылалы.
Бирөө ички динамикалар экинчиси болсо тышкы динамикалар. Бул эки өзгөрүүнүн тең динамикасынын кысым көрсөтүүгө таянган таасирлери бар экендиги белгилүү. Коомчулуктар табигый факторлор менен өзгөрүшөт же ар түрдүү инструменттер аркылуу пландуу түрдө жасалган тышкы кийлигишүүлөр менен өзгөрөт. Мына саясат ушул өзгөрүүнү көзөмөлгө алуу болуп эсептелет. Түркия өз аймагындагы өзгөрүүлөрдөн эң көп таасир алган өлкөлөрдүн бири. Ушундан улам күчтүү саясий структурага ээ болушу керек. Күчтүү саясий түзүлүш үчүн бекем иштеген демократияга жана чоң экономикага муктаждык бар. Бир гана экономикалык ырааттуулуктун арттырылуусу саясаттын күчтөнүүсүн камсыздай албайт. Демократияны илгерилетүү жана экономиканы өнүктүрүү менен саясатты күчтөндүрө алабыз. Түркия бул аймактагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө жана бул өзгөрүүлөрдүн багытын алдын ала көрө алуу үчүн күчтүү саясий түзүлүшкө ээ болуу күрөшүүсүн учурда да тыгыз түрдө улантып жатат.
Йылдырым Бейазыт университетинин адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др. Мазхар Баглынын баамдоосун окуп жатасыздар.
Саясат- коомчулукту дагы да жакшы экенине ишенилген абалга жеткирүү искусствосу болуп саналат. Коомчулуктагы ар түрдүү топтордун ортосундагы тирешүүлөрдү башкаруу жана бул тирешүүлөрдүн өздүк нарк өндүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзө турган механизмди ортого салуу. Саясат албетте башкаруу иши болуп саналат бирок жакшы башкаруу керек. Жакшы башкаруунун негизги шарты болсо ар бир актердун системанын ичине кошулушу, ал эми мунун жолу болсо демократия.
Анда Түркия, негизги маселелерин чечүү үчүн демократияны күчтөндүрүп, күчтүү экономикага ээ болгон жана жакшы башкарган саясий системага ээ болушу зарыл. Булардын баарын ишке ашыруу оңой эмес. Бирок бардык нерседен мурда өзгөрүүнүн маанисин билүү өзүнчө жетишкендик.
Дүйнөнүн кайсы багытта бараткандыгын билип кадамдарды таштаган, дүйнөдө артта калбаган актер болуу жолунда күчтүү саясат жүргүзүүдө жана буга да жаңы Түркия деп айтылууда.
Түркияда көпчүлүк учурда саясат терс алпурушуу катары көрүлүүдө. Бирок бул туура эмес. Саясат улутка кызмат көрсөтүүнүн бир жолу. Саясатка маани бербеген адамдар, жакшы ниеттүү эмес же бул системанын кандайча жүрүп жатканы жөнүндө маалыматтары жок. Көбүнчө атаандаш актерлор бир-бирлерин системанын тышына түртүү үчүн саясатка каршы риторика өндүрүп жатышат деп эсептелүүдө. А бирок мыкты механизм ар бир актерду камтый ала турган жөндөмдүүлүккө ээ болот.
Этникалык маселелерден тартып киреше бөлүшүүсүндөгү адилетсиздикке чейин бардык маселелерди чечүүдө саясат өтө маанилүү.
Саясаттын күчтөнүшү деген коомдук түзүлүштүн ичиндеги кичине-чоң ар бир актерду системанын бир бөлүгү абалына айландыруу же системанын борборуна жеткирүү дегенди туюнтат. Мамлекеттик башкарууну жеке инсан тышындагы тармак болуудан чыгаруу дегенди билдирет. Түркия узун мөөнөт жеке инсандардан-жарандардан көз карандысыз мамлекеттик түзүлүшкө ээ болуп келди.
Түркия бири-бирине атаандаш бир канча тармак-актердон турган мамлекет түзүлүшүнөн бири-бирине шайкеш жана бири-бири менен кептелген механизмдерден турган мамлекет түзүлүшүн көздөй баратат.
Ар бир актерду өзүнүн бир бөлүгү экенин ойлогон система түзүү Түркия үчүн абдан жаңы абал болуп эсептелет.
Жаңы Түркия; мамлекет, коомчулук жана бюроктария шайкештигин идеалдаштырган саясат жүргүзүүгө аракет кылууда. Бул аракетти белгилеген негизги тема болсо коомдук өзгөрүү динамикалары болуп саналат. Бул динамикаларды билүү процесске кошулуу дегенди түшүндүрөт.
Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.


Тектеш кабарлар