Түркиянын жаңы көз карашы-8

Коомдук инженердик долбоорлордун баары кыйрады.

Түркиянын жаңы көз карашы-8

Түркиядагы консервативист саясаттын негизги динамикасын түзгөн «Коомдук оппозиция» болуп саналат. Улутка карабастан мажбурлангандарга каршы саясий жактан жүргүзүлгөн бул күрөш абдан байыркыга жетет. Жемил Меричтин сөзү менен «Бул уруш Олимпос тоосунун балдары менен Хира тоосунун балдарынын ортосунда». Ошондой эле устат мындай дейт, «Олимпос тоосунун балдарды, Хира тоосунун балдарын эч качан кабыл албайт». Бул талаштын учурубуздагы изин кууш үчүн тарыхый жактан Черкез Хасан менен Хүсейин Авни Пашага чейин бара алабыз. Ошол эле күрөш уланууда. Маселе узун бирок кыскача айтыш керек болсо бул аймакта «жергиликтүүлүк» менен «инженердик долбоор» ээлеринин арасында жалаң талаштар бар эле жана бул күрөштө инженердик тарапташтары жалаң жеңишке жетишти. Анткени күрөштүн эрежелерин жана пайдубалын ар дайым өздөрү белгилешчү.

Качан гана жергиликтүү болгондор мажбурлап да болсо атаандаштык жана күрөш үчүн айрым стандарттардын кабыл алынышын камсыздады, мына ошондо иштер өзгөрө баштады.

Белгилүү болгондой көп партиялуу турмушка өткөндөн кийин Элдик партия, Демократия партиясына каршы эч бир шайлоодо кандайдыр бир салмагын көрсөтө алган жок. Шайлоо үкөктөрүнүн соттун текшерүүсүндө болушу «стандартты жана эрежени» б.а. Демократ партияны бийликке алып келди.

Жергиликтүүлөр, мамлекет жана бийликтен абдан жөнөкөй талап кылышты. Атаандаштыктын шарттары жана эрежелери мурдатан белгиленген болсун. Оюндун ортосунда эреже өзгөртүүгө барылбасын. Футбол катары башталган бир беттешүү, регби болуп уланышын каалашкан жок. Бул талап, мындайча айтканда таймаш аянтына, формасына жана инструменттерине байланыштуу эреже жана этикалык-ахлактык баалуулуктардын белгилениши боюнча талап, чындыгында көптөн бери уланган ассиметриялык согушка тең салмактуулук алып келет.

Бул абалды байкаган статус-квочулар өздөрү ээ болушкан мүмкүнчүлүктөрдү жоготпош үчүн ар дайым атаандашын начарлата турган «аянтты» колдо кармоого жетишти. Ал эми демократияга байланыштуу улам өскөн талаптар жана аты аталган консервативист катмар башынан өткөргөн өзгөрүү, б.а. Анадолунун гүлдөшү деп да атай ала турганыбыз жаңы дүйнөнү таануу жана өз «эгону» үстүнөн окуу аракети аларды атаандаш болуудан чыгарды. Эми барган сайын күчтүү бир саясий кыймылга айланышты. Бул да табигый түрдө бул катмардын убакытка жана жерге карата өзгөрө алган абстракттуу коркуулардын үстүнөн кысымга алынышын барган сайын татаалдаштырды.

Учурубузда келип жеткен жерде коомдук инженердик долбоор менен алектенгендердин бул өлкөнүн маселелерин чече албай калганын көрсөтүүдө. Төбөдөн түшкөндөр утулушту жана жаңы келечек көз карашын өндүрө алышкан жок. Коомчулукка убада бере турган кыялдары калган жок. Ал эмес саясий күрөшүүдө утулгандары үчүн белгилөөчү актер болуудан барган сайын алыстап баратат.

Жеңгендер ар дайым эрежлерди белгилешет. Бул ар дайым ушундай болуптур. Эл асырандылыкка каршы күрөштү жеңип алды жана эрежелерди эми эл белгилейт. Жыйынтыктасак жергиликтүү (табигый өздүктөрдү камтыган маданий баалуулуктар белгилеген саясатты жактыргандар) жана (болуп турган табигый кимликти ассимиляция кылып ордуна улуттун негизинде өздүк кура алган түрк-күрт улутчулдар) деп аталган эки тараптын ортосунда дээрлик эки жүз жылдан бери уланган таймашты бүгүн ачык түрдө жергиликтүүлөр жеңип алышты.

Ооба бир аракет жеңди. А бирок бул жеңишке жетишилген абалдын кийинки муунга өткөрүлүшү үчүн да эки негизги нерсеге багытталыш керек. Бирөө ахлактык баалуулуктардын курулушу жана жайылтылышы. Экинчиси да адилеттиктин камсыздалышы. Тактап айтканда «адилеттүү тартип» куруу жана коомчулукту келечекке алып бара турган жол картасын белгилеш керек. Бул тарыхый жоопкерчилик жана ошондой эле адамзат талабы жана исламий вазийпа-буйрук болуп саналат. Андай болбосо бардыгыбыз бул тарыхый жоопкерчиликти орундата албай калуунун жоопкерчилигин бул дүйнөдө да тигил дүйнөдө да бере албайбыз.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар