Түркиянын жаңы көз карашы-16

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

Түркиянын жаңы көз карашы-16

Түркия, өз муунундагы өлкөлөрдөн артта калган өлкө болчу. Бир батыш өлкөсү батыш өлкөлөрү сыяктуу өнүгө алган эмес. Бир Европа өлкөсү болчу, бирок Европа өлкөлөрү сыяктуу өнүгө алган эмес. Дүйнөдөгү башка өлкөлөр менен аттаандаша алгыдай потенцияга ээ болсо дагы, бул потенциясын кошумча наркка кошо алган жок. Көп жылдар бою натыйжасыз өнүгүү жүрүштөрүн кылды. Киши башына түшкөн улуттук киреше, республика тарыхында 2000-3500 доллар арасында калды.

Өндүрүү болбостон улуттук кирешенин арттырылышы оңой эмес. Инфраструктура болбостон да өндүрүш аткарылбайт. Инфраструктура үчүн капитал менен катар демилгечилик руху жана көз карашка ээ болуу зарыл.

Чындыгында өндүрүүнүн аткарылышы жана жогорку кошумча нарктуу өндүрүштүн аткарылышы, майы чыгарыла жасалган таттууга окшош болот.

Жакшы жана даамдуу таттуу жасаш үчүн жакшы азыктардын болушу жетиштүү болбойт, ошол эле учурда мыкты ашпозчуга да муктаждык болот. Мыкты бир ашпозчу да жетпейт, ошол эле учурда жакшы бышырылуучу казан жана отко муктаждык бар. Бул да жетиштүү болбойт жакшы даярдалган шире кошулушу керек. Ширенин жакшы болушу жетиштүү эмес, ошол эле учурда кошулган азыктардын жегиликтүү болушу да абдан маанилүү.

Инвестиция, өнүгүү жана жогорку кошумча нарктуу өндүрүү да бир топ бирикмеси болгон иш. Муну жасай алуу мүмкүнчүлүктөрүнө бул багыттагы ой-пикирдин да кошулушу керек. Жаңы Түркиянын акыркы жылдарда эң көп алектенген темаларынын башында инфраструктура инвестициялары жатат. Абдан жогорку бюджеттүү бир топ долбоор аткарылууда. Эл аралык тармакта көңүлдү бурган бул проекттер абдан пристиждүү инвестициялар, ошондой эле өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Учурда Түркияда жасалып жаткан жана балким көп сандаган өлкө ичи тарып карап жаткан долбоорлордун башында Канал Стамбул турат. Стамбулга дагы бир кысык салына турган болушу көп жагынан мааниге ээ болууда. Өзгөчө бара-бара тыгыздашкан Стамбул кысыктарындагы деңиз транспорту жалгыз эле шаарды эмес, ошол эле учурда эл аралык деңиз жолу соодасын кылгандардын да жапа чеккен темаларынан бири.

Бул жагынан алганда үстүндө токтолсо боло турган престиждүү долбоорлорду мындай санап өтсөк болот; ылдам  жүрүүчү поезд, Стамбул-Измир автострассасы, Стамбулга салына турган үчүнчү аэропорт, Азия менен Европа материктерин бириктирген тоннель өткөөлдөрү жана үчүнчү көпүрө.

Бул инвестициялар жана долбоорлордун  бардыгы тең негизинен жогорку кошумча нарктуу өндүрүштүн аткарылышы үчүн алдын ала даярдык катары каралса болот.

Түркия, чогуу заманбапташа баштаган өлкөлөрдөн артта калып күчтүү бир демократиялык система да кура албай келет. Акыркы убактарда өзгөчө энергетика өткөрүү багыттарынын өлкөдөн өтүшү үчүн чоң кадамдар ташталууда.

Албетте дүйнөдөгү системада салттык ролунан башкача позицияга карай илгерилеген бул процесстин олуттуу оппозициясынын да бар экени белгилүү.

Эң маанилүүсү Түркиянын бул оппозицияга канчалык деңгээлде чыдаганы эмес, муну кандай көндүргөнү болуп саналат.

Орду ордуна отурган системада оппозиция, бийликти тең салмактап турган маанилүү күч борбору болуп эсептелет.

Албетте бийлик оппозициянын сын пикирине чыдап берүүгө аргасыз. Ал эми учурда Түркияга каршы жүргүзүлгөн кампания оппозиция кылуу чектеринен көпчүлүк убакта аша чаап кетүүдө.

Түркия бул абалды кризиске айландырбастан өзүн түшүндүрө алган жолдорду табууга аракет кылууда.

Түркиянын өнүгүүсүнөн жана экономикасынын өсүүсүнөн тынчсыздангандар болушу мүмкүн, бирок тынчтыкчыл саясат жүргүзүп жатканы ачык түрдө айтылышы керек.

Жыйынтыктасак, Түркия жүргүзүп жаткан бардык иштер маанилүү пайда табууга айлана турганы шексиз. Экономикалык жактан өсүүдө жана айрым түрк фирмалары дүйнөдө кызганууну жараткан престижге ээ болду.

Эң престиждүү фирмалардан бири да Түрк аба жолдору деп ойлойм. Үчүнчү аэропорттун курулуп жатышы анын престижине салым кошо турган маанилүү кадамдардан бири.

Космос жана авиация тармагында да абдан маанилүү эмгектер жасалууда. Дүйнөнүн өзгөрүү динамикаларына жетип, замандын талаптарына жооп берген жана жогорку кошумча нарктуу өндүрүштөрдү аткаруу оңой эмес.

Түркия мындай түрдөгү өндүрүштөрдөн кем калган убактарда иштердин абдан оңой боло турганын ойлогон. Ал эми абал андай эмес.

Өндүрүш, стандарттардан сапатка, саясий динамикалардан дүйнөнүн өнүгүү жана өзгөрүү багытына, инфраструктурадан демилгечилик рухуна чейин көп сандаган тема менен түздөн-түз тиешеси бар. Булардын жыйынтыгында өнүгүү боло турганы анык жана кааланган деңгээлге жеткирилиши да оңой эмес.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар