Сибирде 50 миң жылдык калдык табылды

Тукуму жок болгон жаныбардын калдыгы чириген эмес

Сибирде 50 миң жылдык калдык табылды

Сибирде 50 миң жылдык арстандын баласынын калдыгы табылды.

Тукуму жок болгон жаныбардын чирибегени жана өлгөндө 6-8 жумалык экени божомолдонууда.

«Siberian Times» гезитине маек куруп берген др. Альберт Протопопов, эмне себептен өлгөндүгү белгисиз болгон үңкүр арстанынын үстүндө жара изи жок экенин жана бардык мүчөлөрүнүн ушул күнгө чейин сакталганын айтты.

Протопопов фосилдин чирибестен ушул күнгө чейин сакталышынын, тукуму азайып бараткан жандууларды коргоп калуу үчүн чоң үмүт болгонун белгиледи.

Ал мезгилде Түндүк жарым шардагы эң чоң арстан түрү катары билинген үңкүр арстандары, Европадан Аляскага чейинки заманбап арстандардын атасы катары эсептелүүдө.  


Этикеткалар: тукуму азайып , Сибирде

Тектеш кабарлар