Куш тили ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

Түркиянын дагы бир улуттук баалуулуктарынын бири коргоого алынды

Куш тили ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

Карадениз аймагында колдонулган куш тили, БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди.

Түркиянын дагы бир улуттук баалуулуктарынын бири, материалдык эмес дүйнөлүк маданий мурас катары коргоого алынды.

Чыгыш Карадеңиздин өрөөндөрүнүн арасында жаңырган жана аймактын адамдарынын бири-бирлери менен байланыш куруусун камсыздаган, эл оозунда «куш тили» деп да айтылган, жүздөгөн жылдык «ышкырык үнү» эми ЮНЕСКОнун тизмесинде.

Учурда технологиялык өнүгүүлөрдөн улам унутулуп бараткан улуттук байланыш салты, Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөрүлгөн ЮНЕСКО жыйынында тизмеге киргизилди.

Ышкыруу тили бул тизмеге 2016-жылы сунушталган болчу.



Тектеш кабарлар