Дүйнөнүн эң ири баклавасы Анкарада жасалды

515 килограммдык баклава жасалып рекорд жаңыланды.

Дүйнөнүн эң ири баклавасы Анкарада жасалды

Дүйнөнүн эң ири баклавасы борбор шаар Анкарада жасалды.

Travel Expo 3-Эл аралык туризм жана Гастрономия саммитинде 515 килограммдык баклава жасалып рекорд жаңыланды.

Анкара Соода Палатасынын (АТО) Конгресс борборунда ачылышы өткөрүлгөн Travel Expo 3-Эл аралык туризм жана Гастрономия саммитинин иш-чараларынын алкагында Түркиянын ар кайсы жерлеринен келген ашпозчулар тарабынан «Дүйнөнүн эң ири баклавасы» рекорду жаңыланды.

515 килограммдык баклава туурасы 2 жарым метр, узундугу 7 жарым метр болгон батыныста бышырылып 11 миң 800 тилимге бөлүндү.

Рекорд жаңылангандан кийин баклава элге таркатылды.



Тектеш кабарлар