Канадада 13 миң жылдык таман издери табылды

Алар адамдарга таандык эң байыркы таман издери болду.

Канадада 13 миң жылдык таман издери табылды

Канаданын батышындагы Калверт аралында, адамдарга таандык 13 миң жылдык таман издери табылды.

«PLOS-ONE» журналында жарыяланган изилдөөгө караганда илимпоздор, Британ Колумбия аймагына караштуу Калверт аралынын жээгинде адамдарга таандык 29 таман издерин аныкташты.

Муз доорунда деңиз деңгээлинен 180-270 сантиметр дагы төмөн болгон Калверт аралында өсүмдүктүн калдыктарын издеген илимпоздор, 11 миң 700 жыл мурда аяктаган муз дооруна таандык 3 башка өлчөмдөгү таман издерин табышты.

Эки чоң аялга жана бир балага таандык экени аныкталган издер, Түндүк Америкада табылган жана адамдарга таандык эң байыркы таман издери болду.

Бул изилдөөнүн ал мезгилге таандык чектелүү археологиялык табылгаларды байытып, Түндүк Америкадагы адамдарга байланыштуу изилдөөлөргө жарык чачаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар