Дүйнөнү кыдырган украиналык жубайлар Түркияда

Украиналык жубайлар жарым кылымдык автомобили менен дүйнөлүк саякатка чыкты.

Дүйнөнү кыдырган украиналык жубайлар Түркияда

Украиналык жубайлар жарым кылымдык автомобили менен дүйнөлүк саякатка чыкты.

4 жашындагы баласы менен Түркияга келген жубайлардын максаты экинчи баласы Түркияда жарык дүйнөгө келүүсү...

Украиналык Анна жана Вадим Гриненко жубайлары 2014-жылы август айында дүйнөлүк саякатка чыккан.

Вадим автомобиль устасы, Анна болсо филолог.

Дүйнөлүк саякатка чыкканда 3 айлык ымыркай болгон Любомир, эми 4 жашка толду.

Совет убагында эң атактуу машина болгон Вольга газ 21 үлгүсүндөгү 50 жылдык автомобили жана сүйрөтүүчү караваны менен 24 өлкөнү кыдырып чыкты.

Учурда Муглага келген жубайлар баласы Түркияда жарык дүйнөгө келишин каалайт.

Анна Гриненко: «Март айында экинчи балабыздын Антальяда төрөлүшүн пландап жатабыз. Украинанын ордуна Түркияны тандадык. Анткени ысык жерге баруу биздин кыялдануубуз эле. Айрыкча медицина бул жакта дагы өнүккөн абалда»,-деди.

Жубайлар 4 жылда 50 миң чакырымдык жолду басып өттү.

Украиналык жубайлар Түркиядагы саякатын даректүү тасмага айландырууну да пландоодо.



Тектеш кабарлар