Күн тартиби - 42

Адамдын жанын кыюсу.

Күн тартиби  - 42

БУУнун  Азык  - түлүк жана айыл  - чарба уюму менен Дүйнөлүк азык  - түлүк программасынын 2016 – жылдагы отчетуна караганда дүйнө калкынын 11 пайызы жетерсиз азыктануу жана ачкачылыктын чегинде жашап жатат. Тактап айтканда 800 миллион киши ачкачылык менен күрөшүүдө.

Алдыбыздагы айларда 2017 -  жылдын сандары билдирилет. Бул санда көңүл бураарлык түрдө өзгөрүү болот деп ойлойбуз.

Ушул эле БУУнун отчетторуна караганда жер жүзүндө жашап жаткан ар беш кишиден бирөөсү жакшы башкарылбаган, кризистер боло турган өлкөлөрдө жашап жатышат.  Өзгөргөн климаттык шарттардан улам болгон табигый апааттар менен жаңы кургактык толкундары бул сандын артуусуна себеп боло алат. Бул коркунучтуу картина менен бирге эми жүз миллиарддаган доллар жөн гана абага чачылып жаткан бир картинага карайлы.

Өткөн айларда   Сауд Аравиянын королу менен Катардын арасында бир кризис болду. Аймак өлкөлөрүнө бардык жаман кыймылдарды жайылтууга аракет кылган Бириккен Араб Эмирликтери да бул кризистин негизги актерлорунан болду. Болгон кризистен 10 күндөн кийин Сауд Аравиянын АКШ менен 110 миллиард долларга жакын жаңы бир куралдануу пакети келишимине кол койгондугу билдирилди.

Бир канча убакыттан кийин Сауд башкаруусунан Катардын да АКШ менен 11 миллиард долларлык курал алуу боюнча келишим түзгөндүгү билдирилди. Булуңдун башка кичине өлкөлөрүнө да 200 миллиард долларга жакын курал сатылды. Ушундайча ортого чыккан кризистин соккон катуу шамалы токтоду жана азыркы учурда  эч бир маселе жок сыяктуу баары өз ишин улантууда.

Дүйнө булуң кризисинин таасиринен кутулганда күтүлбөгөн жерден Түндүк Корея башкаруусунун баллистикалык жана континенттер аралык ракеталарды сынагандыгына байланыштуу кабарлар эл аралык агенттиктерде орун ала баштады. Обама мезгилинин акырларында башталган «Корея кризиси»  күч алып, бул өлкөнүн лидери Ким Йонг Ун тууралуу жаңы кабарлар жарыялана баштады. Жарыяланган кабарлардын баарында булар билдирилди : «Качан эмне жасай тургандыгы белгисиз. Жарылууга даяр бомба сыяктуу. Күн сайын жаңы баллистикалык ракета сынап жатат. Толук мааниси менен алып караганда «өспүрүм сыяктуу» саясий фигура».

Бул фигура бир гана тегерегиндеги эле өлкөлөргө эмес, бүткүл дүйнө үчүн коркунуч туудурууда. Ким Йонг Ундун жума сайын жаңы бир модель бир ракета сынап жаткандыгына байланыштуу кабарлар келе баштады. Миңдеген километр алыстагы Гуам аралын ракета менен атары, Япония аркылуу атомдук дүрмөт тагыла турган ракеталарды учуртту сыяктуу сансыз кабарлар журналисттердин столунда чогула баштады. Андан кийин Түндүк Корея ракеталык коркунуч астындагы өлкөлөрдүн өздөрүн коргоо үчүн жаңы коргонуу системалары үчүн он миллион долларлык келишимге кол койгондугу тууралу маалымат келди. Иштин күлкүлүү тарабы америкалыктардын Японияга курган белгилүү THAAD аба коргонуу системасынын Ким Йонгдун ракеталарын радарда аныктай албагандыгы ортого чыкты. Ушуга карата жаңы аба коргонуу системаларын сүйлөшүү күн тартибине келди. Азия жана Тынч океандын бул аймагында болгон кризис 100 миллиарддаган доллардын курал соодасына өткөрүлүшүнө себеп болду. Муну менен эле калган жок. Азия жана Тынч океанда 300 миңге жакын аскери болгон АКШ бул жердеги базаларын жана күчтөрүн күчтөндүрүүгө киришти.

АКШнын 9 аскердик командирликтеринин бирөөсү да Тынч океан күчтөрү командирлиги. Гаваидеги  бул командирлик Пентагон бюджетинен эң чоң көлөмдөгү акчага ээ. Бул командирликтин эң чоң өзгөчөлүгү мыкты камсыздалган аскердик бөлүк болушу.

PACOMдун 375 миң аскери, 200 аскердик кемеси, суу түбүндөгү жана миң аскердик учагы бар. Түндүк Корея кризисинен мурда АКШнын мурунку президенти Барак Обама бул армияны Кытайды курчоого алуу үчүн технология жана ок – дары чогултуучу жерге айланды. Бирок Кытай АКШнын бул тузагына түшүп аскерлерин чогулткан жок. АКШ менен экономикалык тармакта атаандаштыкты  улантуунун негизги жолдорунун бири болгон Жибек Жолун ишке ашыруу үчүн иштерин үзгүлтүксүз улантты.

АКШнын акыркы технологиялык продукциясы болгон 5 – муундагы Ф  - 35 учактарын Японияга, «Боз бүркүт» деп аталган куралдуу учкучсуз аба унааларын да бул командирликтин буйругуна берип Түштүк Кореяга жайгаштырды.

Атомдук көлөмдөгү суу түбүндөгү кемелер менен бирге 5 -  муундагы аскердик учактардан турган  Ф – 22 рапторлорду да бул аймакка багыттады. Айрыкча 75 миң аскерин да Япония жана Түштүк Кореяга жайгаштырды. Андан кийин эмне болду? Ирандан Индияга чейин, Тынч океандагы кичине арал мамлекеттерине чейин сансыз өлкө АКШ жана орус курал фирмаларынын каалгасын какты. Дагы 100 миллиард долларлык курал сатуу келишимине кол коюлду.

Дүйнөдө өткөн жылы жыргалчылык үчүн жумшаган акча 1, 1 триллион долларга жакын. Жыл сайын дүйнө калкынын баарын бага турганчалык азык  - түлүк өндүрүүдө. Тилекке каршы бул азык  - түлүктүн көпчүлүгү ысырап болуп таштандыларга ташталууда. 1,3 миллиард тонна азык  - түлүк да финансылык, техникалык чектер жана азык  - түлүк чараларынын көрүлүшү менен жок болууда. Бир гана АКШда таштандыга ташталган азык – түлүктүн көлөмү 222 миллион тонна. Бул көлөм бардык Африканы тойгуза турган көлөмдө.

Бир тараптан табиятты жана озон катмарын жок кылган косметикалык продукцияларга берген он миллиондогон долларды да унутпоо керек.

Азык  - түлүк жана социалдык жардам адистери бул жылы Корея жана булуң кризиси шылтагы менен куралдарга берилген акча менен ачкачылык менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдү жана адамдарды 10 жыл багууга жете тургандыгын белгилөөдө.

Табигый апааттар же климаттык алмашуудан мурда  биз адамдар өзүбүз өмүрүбүздүн акырын алып келебиз.



Тектеш кабарлар