Күн тартиби - 43

Микро улутчулдук коркунучу.

Күн тартиби  - 43

 

Европа Биримдиги өлкөлөрүндө улутчулдук күн өткөн сайын эгемен болууда. Германия, Голландия жана Бельгиядан кийин Австрияда да шайлоочу өлкө башкаруусун оңчул нацист партияларга берди.

Өткөн жуманын акырында Австрияда болгон шайлоодо оңчул жана мусулмандарга каршы жек көрүүнү ойготуучу саясаттарды жүргүзгөн Австрия элдик партиясы жеңип чыкты. Экинчи орунду болсо ашыкча оңчул жана нацист  сөздөрү менен белгилүү Австрия эркиндик партиясы алды.

Өткөн айда Германияда болгон шайлоолордо мусулмандарга жана өзгөчө түрктөргө каршы кээ кээде жек көрүүнү ойготуучу сөздөрдү айткан партиялардын алган добушу жогорулады. Ал түгүл адам укуктары жана демократиянын табигый жактоочусу экендигин айткан немис Социал демократтар да мусулмандарга, чет элдик жумушчуларга жана качкындарга каршы сөздөр боюнча пропаганда жүргүзүштү.

Австрия  шайлоосу Европанын ылдам түрдө нацистикке карай бара жаткандыгын көрсөтүүдө. 1945 -  жылдан бери тынч бир мезгилди жашаган Европанын нацист жана жек көрүү кылмышы болгон башкалаштырууга карай баратышы таң калтыруучу болбошу керек. Бул континент жазылуу тарыхтан бери эч качан согушсуз жана кагылышуусуз жашаган эмес. Европанын эң узун кагылышуусуз процесси1945 – жылдан бери келе жатат. Мунун себеби да Европа тышкы күчтөрүндө кошулган тынчтык келишими жана анын алып келген саясий жыйынтыктары. Айрыкча технологиянын өнүгүшү менен бирге дээрлик бардык Европанын бомбалоочу учактарынын натыйжасында жер менен бир болуп экономиканын начарлашында да таасирдүү болду.

Бүгүн «тарыхый шаар» деп билген бардык Европа шаарлары жер менен бир болгон. Адамзаттын орток мисалы тарыхый чыгармалар өзгөчөлүгүнө ээ курулуштар менен аймактар толугу менен кургактыктан жана абадан бомбалоолордун натыйжасында жок болду. 1945 -жылдан 70 -жылга чейин Европа кайрадан куруу жана жараларын айыктыруу мезгилин жашады. Ансыз да 60 – жылдардын акырларындагы жаштар кыймылы бул абалга келүүнүн жыйынтыгы эле. Европада террор, өлкөнүн премьер- министрлеринин качырылып өлтүрүлүшүнө чейин жетти. Италиянын премьер- министри Алдо Морону «Кызыл батальондор» аттуу солчул террордук уюм качырып өлтүргөн. Андан 10 жылдан кийин жаңы бир Европа террордук уюм ПКК, Швеция премьер – министри Олоф Палмени өлтүрдү. Европа террордун өзүнө карай багыт алганын көрөөр замат күтүлбөгөн жерден бардык уюмдар жоюлду. Мисалы немистердин белгилүү Баадер- Меинхоф уюмунун бардык башкаруучулары бир түндө абакта өз клеткаларында жандарын кыйгандыгы дүйнөгө жарыяланган. Батыш дүйнөсү ичинде чогулган террор жели тилекке каршы күтүлбөгөн жерден Жакынкы Чыгыш жана Азияга багыт алды. Европа көптөгөн жылдарга созулган бул терроризмге карата оптимисттиктинкыйынчылыгын тарта баштады.Бүгүн мусулман, качкын жана чет элдик жумушчуларга каршылыгы бир кадамдан кийин сектанттык жана микро улутчулдук кагылышуусуна багыт алат.

Мусулмандар, качкындар менен чет элдик жумушчулар өлкөсүнө кайра кайтканда Европада чогулган улутчулдук жели кантип чыгат деп ойлойсуз?

Нацистик оорусу каршылыгы болбостон жашай албайт. Адамзаттыкка каршы бул оору өзүнө каршыларды кыска убактта пайда кылууда. Испанияга караңыздар. Каталондор, борбордук өкмөттөн бөлүнүүнү каалап жатат. Барселона борбору болгон каталан улутчулдугу азыр Испанияны кемирип жатат. Бирок ошол эле улутчулдук каталандарга да таасирин тийгизет. Бүгүн өздөрү үчүн борбор шаар кылып көрсөткөн Барселонакаталандардын да испаниялыктардын да жери эмес. Барселонаны билбегендер үчүн айталы : Барселонаны Барселона кылганбардык тарыхый, маданийчыгармалар жана баалуулуктар арагондордуку. Барселона тарыхынан маданиятына чейин арагондордуку.Арагондор Король Фердинандын неберелери. Алар да абдан күчтү микро улутчулдуксезимдерине ээ болушкан. Каталандар Испанияданчыгары менен арагондор мененкагылышкандары шексиз.

Испанияда инкивизициондон баштап мусулман жана еврей кыргынын кылган арагондор экендигин эске салуу менен каталандарды кандай маселенин күтүп жаткандыгына көңүлдөрдү бургубуз келет.

Германия, Бельгия, Италия, Франция , Скандинавия өлкөлөрү... Баарындаболгон бул улутчулдук акырындап отуруп микро улутчулдукка карай баратат. Немистердин эң чоң жана эң бай болгон Бавария аймагы баш көтөрө баштады. Италиянын Түндүк Лигасы да ушул жолдо баратат. Швеция 21 аймактан турат. Викингдердин неберелери эмитеден эле бири бирине тиш кага баштады.Франциянын Корсика жана башка аймактарда маселелери бар. Тилекке каршы аймактык улутчулдукбул Жер Ортолук деңиз өлкөсүн да барымтага алууда....Көптөгөн жылдардан бери экономикалык маселелер менен күрөшүп жаткан Грецияда да этникалык улутчулдук коркунучу бар. Бул бардык микро улутчулдук агымдарга карата өткөн жумада Түркия республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган Сербиянын президентинин чакырусуу менен бул өлкөгө барды. Сербдер менен түрктөрдүн бири бири менен болгон тарыхый атаандаштык жаначоң жараларды билбеген жок болсо керек. Акыркы болуп Югославия бөлүнгөндө, түрктөр менен абдан жакын тууган болгон бошняктарга жасалган кыргын, Косова согушунун бардык кыйынчылыктары ар бир түрк мекендешинин жүрөгүндө терең издерди калтырды.

Бирок түрк лидер Эрдоган бул жайылган микро улутчулдук толкунуна каршы саясий, соода жана дипломатиялык карым – катнаштарды тыгыз түрдө өнүктүрүүдө. Борбору Европа болгон дүйнө бетме – бет келе турган коркунучту байкап турган башка бир лидерсербдердин лидери Александр Вужиж. Вужиж өлкөсүнө чакырган Эрдоганды бардык саякаттарында коштоп жүрдү. Дүйнөнүн 16 -кылымда калбагандыгын айтып, түрк жана серб союздаштыгынын керектүүлүгүнө көңүлдөрдү бурду. Эки лидердин бул жакындашуусу Европада жайылган коркунучтуу нацист толкунга карата жооп. Кечээкиге чейин бири бири менен жакшы болбогонэки өлкө бүгүн экономикалык жана саясий жактан союздаш боло алган болсо бул Европа үчүн бир үмүт болушу керек.

Бүгүн Европа парламенти жана комиссиясы улутчул жана нацистердин бар экендигин көрсөткөн эки негизги мекеме. Европалык саясатчылардын Меркел жана Круз сыяктуу нацисттик сөздөргө таянуулары бул эки негизги мекемениулутчулдардын жана нацистиктин эгемендигине алып келет.



Тектеш кабарлар