Исмаил Гаспыралы

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-46

Исмаил Гаспыралы

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-46

Түрк дүйнөсүндө улуттук жандануунун маанилүү символдорунан бири: Исмаил Гаспыралы

Түрк элдеринин арасында биримдик түшүнүгүн ойготууну максат кылган Исмаил Гаспринский мындайча айтканда Имаил Гаспыралы 1851-жылы жарык дүйнөгө келип 1914-жылы дүйнөдөн кайткан. Гаспыралы Түрк дүйнөсүндө биримдик идеясынын жүрөгү жана негизги теоретик болуп саналат. Биз да бул жумадагы программабызда Исмаил Гаспыралыны жана иш-аракеттеринин бүгүнкү күнгө чагылууларын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түрк дүйнөсүндө биримдик пикири дегенде эң биринчи Исмаил Гаспыралы ойго түшөт. Исмаил Гаспыралы Крымдын Бахчесарайга жакын жериндеги Авжыкөйдө туулган. Орус мектептеринде билим алуусу аны улуттук сезимдерге багыттады. Орус Падышачылыгындагы түрккө каршы туруу, Гаспыралыда улуттук аң-сезимдин ойгонушуна себеп болду. 1868-жылы Бахчесарайда орус тилин үйрөнө баштады. 1872-жылы Крымдан чыгып билим алыш үчүн Парижге барды. Парижде эки жылын өткөргөн Исмаил Гаспыралы, ушул себеп менен Батыш цивилизациясын да жакындан иликтеди.

Крымдык татар түркү болгон Исмаил Гаспыралы, түрктөрдүн биримдикте болбогону жөнүндөгү көйгөйүн; «Эгерде биз ушундай уланта турган болсок Орусиядагы түрктөрдүн келечеги караңгы» деп айтып сөз кылган. Гаспыралыга караганда (Орусияда ар башка аттар мене аталган, бирок бир тектен келген) түрк коомчулуктары учурдагы бөлүнүүчүлүк менен кете берсе айланасын курчаган слав деңизинин ичинде жок болуу коркунучу менен бетме бет келишмек. Бөлүнүүлөрдү жоюш үчүн чогуу кыймыл кылууга аргасыз болчу. Исмаил Гаспыралы Орус падышачылыгынын ичинде суюлуп кетишинен санааркаган түрктөрдүн орток Түрк тилинин айланасында биригип жашоолорун уланта ала тургандарына ишенди. Бул идеясын ишке ашырыш үчүн бир гезит чыгарды. Бүткүл Түрк дүйнөсүнө кайрылган гезит жөнөкөй түрк тили менен басмадан чыкты. «Тилде, пикирде, иште биримдик» урааны менен чыккан бул гезиттин аты «Тержуман» болчу. Исмаил Гаспыралы 1883-жылы жарыялаган «Тержуман» гезити менен орусия түрктөрүнөн баштап бардык Түрк дүйнөсүнүн улуттук жана пикирдик ойгонушу үчүн кадимкидей чыйыр жолду баштады. Исмаил Гаспыралы чыгарган «Тержуман» гезити Стамбулдан баштап Түрк дүйнөсүнүн бардык жеринде жакшы билим алган интеллигенттер тарабынан окулду. Өзгөчө Азербайжанда жана Крымда чоң кызыгуу көрдү. Орусиядагы түрк тектүүлөрдүн пикири, маданий жана саясий кыймылдары анын ушул аракеттери менен башталды. Исмаил Гаспыралынын көздөгөн реформа программасына караганда билим берүүдө реформа жасалышы керек, түрк урууларынын арасында биргелешкен адабий тил түзүлүшү керек, аялдардын окутулушуна эркектер сыяктуу маани берлиши керек эле.

Орустардын түрктөргө каршы ишке ашырган орусташтыруу саясаттарынын түрктөрдүн жок болушуна себеп боло турганы аң-сезими менен Исмаил Гаспыралы, Орусиядагы түрктөрдү бириктирүү максаты менен реформист иштерди аткарды. Исмаил Гаспыралынын реформа жолундагы эң маанилүү демилгеси 1884-жылы ачкан алгачкы усул-и жедит (жаңы ыкма) мектеби. Исмаил Гаспыралынын Крымда, Бахчесарайда курган мектепте ишке ашырган жеңил окуу ыкмасы(усул-и жедит) барган сайын жайылды. Кыска убакыттын ичинде Орусиянын башка Түрк-Ислам аймактарына да жайылды. Исмаил Гаспыралы билим берүү жана маданият тармактарында иш-чараларын жүргүзүп алгач Орусиядагы түрктөрдү андан соң бүткүл түрктөрдүн арасында улуттук аң-сезимдин ойготулушу үчүн аракет кылды.

Исмаил Гаспыралынын Түрк дүйнөсүндө биримдик пикири жагдайында эң маанилүү иш-чараларынан бирөө катары Түрк тилинин түзүлүшү багытындагы аракеттери болуп саналат. Ал, Стамбул түркчөсүн, (осмон жана татар диалекттеринин арасында арачы абалда болгон Крым диалектинин негизинде иштедип жөнөкөйлөштүрүп) бүткүл түрктөр үчүн орток адабий тил абалына айланыдырууну ойлогон. Түрк тили, фрасча жана арапчадан алынган керексиз сөздөрдөн тазаланышы керек жана эл тарыбанан түшүнүлө турган жөнөкөйлүккө жеткирилиши зарыл. Исмаил Гаспыралынын «Тержуман» гезити себеби менен жайылтылган бул тил, Крым, Идил-Урал, Кавказ жана Түркстандын интеллигенттерине таасир этти. Бул тил менен жазгандар түзүшкөн кеңири адабият келип чыкты. Бирок СССР мезгилинде Исмаил Гаспыралы баштаткан орток Түрк тили агымына бөгөт коюлду. Муну менен катар жергиликтүү тилдердин өнүктүрүлүшү шыктандырылды.

«Тержуман» гезити аркылуу орток Түркчөнүн айланасында Түрк дүйнөсүн чогултуу Гаспыралы Исмаил Мырзанын негизги максаты эле. Бул максат менен гезитинде орток тил катары Стамбул диалектисин тандады. Гаспыралыга караганда Стамбул диалектиси да жөнөкөйлөштүрүлүшү керек жана татаал айкалыштар жоюлуп бүткүл Түрк дүйнөсү түшүнө турган абалга келтирилиши керек эле.

Учурда Режеп Таййип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев жана Илхам Алиев сыяктуу лидерлердин аракеттери менен Исмаил Гаспыралынын идеялары ар түрдүү эл аралык уюмдардын курамында орун алды. Түрк Кеңеши, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы, ТҮРКПА баштаган ар түрдүү эл аралык уюмдар бул багытта ар түрдүү иштерди аткарууда. Муну баса белгилей кетиш керек; бул иштердин максаты Пан-Түркизм же Пан-Туранизм эмес. Ошондуктан бул мекемелер эч бир мамлекетке жана улутка каршы душмандык, кек сактоо жана жек көрүүнү козутпайт, бир гана ар башка тармактарда кызматташууну максаттайт. Ошондуктан бул мекемелерден эч кимдин шек саноосунун кереги жок. Айрыкча атайы белгилей кетчү нерсе Гаспыралы Исмаил Мырза тарабынан айтылган «Тилде, пикирде, иште биримдик» ураанынын Түрк дүйнөсү үчүн аткарылышы дүйнөлүк тынчтыкка абдан олуттуу салым кошот.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар