Күн тартиби-48

НАТО, териштирилиши керек болгон шериктештик

Күн тартиби-48

North Atlantic Treaty Organization (NATO), 2-Дүйнөлүк согуштан кийин учурдагы Орусия мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Биримдигинин коммунисттик жайылуусуна каршы курулган уюм болгон. СССРдин жайылуучу саясаттарынан келип чыга турган коркунучтардын алдын алуу үчүн 1949-жылы 4-апрелде АКШ баштаган Англия, Бельгия, Франция, Нидерландия, Италия, Исландия, Дания, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Канада сыяктуу Батыш өлкөлөрүнүн (Батыш блогу) чогулуусу менен түзүлгөн шериктештик. Түркия бул шериктештикке 1952-жылы кошулду. Уюмдун негизги максаты мүчө өлкөлөрдүн тышкарыдан келе турган коркунучтарга каршы аскердик коргонуусун камсыздоо жана ошол эле убакта керек болсо саясий, керек болсо экономикалык жана социалдык тармактарда кызматташууну камсыздоодо болчу. Бул максат менен түзүлгөн НАТО, 1991-жылы Чыгыш Блогу толугу менен кулаганда талкуу башталды. Шериктештиктин мыйзамдуулугу жана керектүү болуп болбогону талкууга алына баштады.

Бирок ошол күндөн бир канча ай мурда Ирактын Кувейтти басып алуусу жана келип чыккан жаңы террор толкуну НАТОнун керектүүлүгү туурасында жетиштүү себеп болгон.

Ошол эле убактарда Италияда НАТОнун мыйзамсыз куралдануусу келип чыкты. Италиянын премьер-министри Жулио Андреотти 1990-жылы 24-октябрда GLADIOнун өлкөсүндө бар экенин расмий түрдө моюнга алды.

Түзүлүштөрү негизинен «Атайын күчтөрдүн» түзүлүшүнө окшогон бул бөлүктөрдүн жарыяланган расмий милдети, Чыгыш блогунун кандайдыр бир Батыш Европа же НАТОго мүчө бир өлкөнү басып алган учурунда, салттык эмес согуш ыкмалары менен душманды токтотуу, алаксытуу, зыян тийгизүү, чалгындоо чогултуу, байланыш жана тылдык элементтерин балталоо, стратегиялык мааниге ээ буталарды жок кылуу сыяктуу бир канча атайын милдеттерди аткаруу болчу.

Латын тилинде «кылыч» түшүнүгүн берген Gladio сөзүн ат катары колдонгон уюм, Америка жана Англиянын каршы партизандык уюмдашуусу болгон Stay Behind тарабынан 1952-жылы түзүлдү. CIA тарабынан башкарылган жана финансыланган уюм, 1956-жылы АКШ менен кызматташып тыңчылык жана партизандык согуш жүргүзүү үчүн уюмдашты.

GLADIO талкуулары менен бирге НАТОнун бардык мүчө өлкөлөрдө салттык эмес согуш ыкмаларын ишке ашырганы же ишке ашырууга аракеттенгени боюнча айтымдар ортого салынды. Бир топ өлкөдө мунун издери кездешилгенде шериктештик кайрадан талкууга алынды.

Кызык жагы НАТОнун мыйзамдуулугу талкууга алынганда Югославиянын жарандык согушу чыга калды. Абдан ырайымсыз түрдө өткөн жарандык согуш, кудум эле тукумкурут кылууга айланды. Бул учурда НАТО, бул кыргындардын токтотулушун каалаган бардык адамдардын үмүтү болду.

Аны улай Ирак жана  Ооганстан басып алуулары, НАТОдогу талаштарды таасирсиз кылды.  НАТОнун мыйзамсыз иш-чаралары коомдук пикир багытында унутула баштаганда Түркияда эл аралык тыңчылык жана мыкаачылык бандасы болгон Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) кандуу төңкөрүш аракетин кылды.

Түрк калкы, лидери жана президенти Режеп Таййип Эрдогандын талабы менен көчөгө чыкты жана төңкөрүшкө бөгөт койду. Төңкөрүш аракетин кылган жогорку даражалуу офицерлердин бир тобу НАТОго мүчө өлкөлөргө качышты. НАТОдо кызмат өтөгөн ФЕТӨ террор уюмуна мүчө экендиктери түшүнүктүү болгон офицерлердин бардыгы ушул эле пактка мүчө өлкөлөргө баш калкалашты.

Ал эмес офицерлердин көпчүлүгү Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан кызматтан алынганына карабастан НАТОдо бир топко дейре кызматтарын улантышты.

Түрк полициясы тарабынан террористтик кыймыл-аракеттерди кылгандары белгиленген айрым кишилер, НАТОнун ар башка иш-чараларында милдеттендирилди.

Андан да маанилүүсү бул террор шектүүлөрүнүн дээрлик бардыгы НАТОдо айлык алып иштеген расмий кызматкерлер. Эң акыркысы Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк менен президент Эрдогандын сүрөттөрүн душман күчтөрүнүн тарабында көрсөткөн НАТОнун офицери жана кызматкери сыяктуу.

2016-жылы 15-июлда ФЕТӨ террор уюмунун кандуу төңкөрүш аракети убагында керек болсо НАТО жана керек болсо Түркиянын Батыш клубундагы шериктештеринин, түрк калкынын жанында орун албоосу абдан таң калтырды.

Андан да таң калтырган окуялар болсо НАТО жана Түркиянын шериктешти болгон батыштык достору, козголоңчу террористтерге каалгаларын ачканы болду.

15-Июль кандуу ФЕТӨ төңкөрүш аракетинен кийин НАТОнун бул уюм менен болгон карым-катнаштарын белгилүү кылган бир канча окуяга көз чаптыралы.

Биринчиси НАТОдо кызмат кылган төрт түрк офицери менен бир аскердик аташенин 15-Июль төкөрүш аракетинен кийин Норвегияга башпаанек алуу кайрылуулары Норвегиянын миграция штабы тарабынан кабыл алынды.

Экинчиси ФЕТӨ террор уюмунун адамдарды ликвидация кылыш үчүн жарыялаган жасалма документтерди «туура» деп бекиткен качкын шылуун майор Ахмет Эрдоган Англияда алардын аскердик казармасы болгон  15, Nicolson close Innsworth GL31DN Gloucester’де дагы деле жашап жатат.

Үчүнчүсү, 15-Июль төңкөрүш аракетине кошулган жана АКШдагы  шериктештик алмашуу командирлигинде кызмат өтөгөн адмирал Зеки Мустафа Угурлу ал окуядан кийин да НАТОнун базасында болчу. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан чыгарылганына карабастан НАТОдо дагы деле адмирал позициясында кызмат кылганы белгилүү болгон соң, дароо АКШга жашырынды.

Төртүнчүсү Түрк армиясына карай ФЕТӨнүн прокурорлору жүргүзгөн «кумпас» деп аталган доолорунда билерман катары кызмат кылган качкын ФЕТӨ шектүүсү ТҮБИТАКтын мурдагы кибер коопсуздук институнунун директору Хайреттин Бахшинин, Эстонияда НАТО өлкөлөрү катыша турган Кибер коопсуздук машыгуусунда кызмат кылганы белгиленди.

Бешинчи 15-июлдан кийин кызматтан четтетилген беш жогорку даражалуу офицер Бельгияда орун алган НАТО жана SHAPE фронтунда пайда болду. Көп өтпөй эле Бельгия тарабынан башпаанектери кабыл алынды.

Алтынчы, өткөн айларда АКШда болгон НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйналышына чакырылганына карабастан Жакынкы Чыгыш форумунун башчысы Даниэль Пайпс тарабынан ФЕТӨнүн мүчөсү жана Руми форумунун башчысы Эмре Челик, мыйзамсыз түрдө жыйналышка алынды. НАТО үн катпай калды. Түркиянын делегациясы абалга каршылык көрсөтүп жыйналышты таштап чыкканда калган өлкөлөрдүн өкүлдөрү да аларды колдоп акцияга кошулду.

Ушунча далилге карабастан бул шериктештик, мүчөлөрү тарабынан текшерилбейби?



Тектеш кабарлар