Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-49

Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары

Кыргызстанда президенттик шайлоо

Кыргызстанда 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоону жеңген Социал-демократиялык партиянын талапкери Сооронбай Жээнбеков ант берип кызматын баштады. Биз да бул жумадагы программабызда Кыргызстандагы шайлоону жана Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда (Убактылуу өкмөттү кошкондо) экинчи жолу президенттик бийлик тынчтык жолу менен өткөрүп берилди. Шайлоону парламентте эң көп мандатка ээ болгон бийликтеги Социал-демократиялык партиянын талапкери жеңди. Президенттик кызмат үчүн эки талапкер кызуу ат салышышты. Мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен Сооранбай Жээнбековдун ортосундагы атаандаштык Сооранбай Жээнбековдун жеңиши менен аяктады. Эки тараптан тең мыйзам бузуулар болду деген күнөөлөөлөр, камакка алуулар, маалымат каражаттарына кысым жасалгандыгы жөнүндөгү айтымдар жана берки үгүт эрежелеринин бузулганы жөнүндөгү айтымдарга карабастан Кыргызстандагы акыркы шайлоонун олуттуу саясий күрөш түрүндө өткөнүн айта алабыз.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгына караганда, шайлоо учурунда кызматтагы Алмазбек Атамбаевдин колдоосун алган Сооранбай Жээнбеков 54.28 пайыздык добуш менен шайлоону жеңсе, Өмүрбек Бабанов 33.41 пайыз менен экинчи болду. Президенттик шайлоого элдин катышуу көрсөткүчү 55.93 пайыз болду. 2375 үкөк курулуп жалпы 3.025.770 миллион шайлоочудан 1.692.423 миллиону өз добушун берди. 2011-жылы 5.5 миллион болгон калктын саны 2017-жылы 6 миллиондон ашканына карабастан, катталган шайлоочулардын санынын 2011-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу дагы аз экенин байкадык. Шайлоочулардын аз болушу 2014-жылы бекитилген «биометрикалык» каттоо системасынын колдонулушунан келип чыгышы мүмкүн. Анткени Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарына караганда, калкты каттоо системасына биометрикалык маалымат бербеген жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок.

Кыргызстандагы президенттик шайлоону жеңген Социал-демократиялык партиянын талапкери Сооранбай Жээнбеков ноябрь айынын акыркы жумасында ант берип кызматын баштады. Жээнбековдун ант берүү аземи, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө өткөрүлдү. Жээнбеков элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант берип, өлкөдө жана өзгөчө бюрократияда аймактык жана этникалык бөлүүчүлүккө уруксат бербей турганын баса белгиледи.

Эгемендүү Кыргызстандын демократиялык жол менен баратканын бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгилеген Жээнбеков: «Көз карандысыздык тарыхыбызда алгач ирет президенттик бийлик тынчтык жолу менен алмашып жатат»,-деп айтты.

Элге жана партиялаштарына ыраазычылыгын билдирген Жээнбеков, тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктардын корголушу улантыла турганын белгилеп: «Орусия Федерациясы менен стратегиялык карым-катнаштарыбызды күчтөндүрөбүз. Коңшу Кытай менен карым-катнаштарыбызды тереңдетебиз. Борбордук Азиядагы коңшу өлкөлөр менен тарыхый байланыштарыбыздын негизинде өз ара мамилелерибизди бекемдейбиз. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен жакын кызматташтык түзүүнү улантабыз. Түркия жана АКШ менен кызматташтыгыбызды өнүктүрөбүз»,-деп айтты.

Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү менен бирге, Орусиянын саясий жана экономикалык чордонунда болгон Кыргызстандын алдыбыздагы процессте геосаясий багытын өзгөртүү ниетинде эмес экенин айта алабыз. Ансыз деле конституциядагы акыркы өзгөртүүлөр менен бирге өлкөнүн тышкы саясатын дайындоо жана соода-коргонуу жаатындагы алдыңкы пландарды белгилөө темаларындагы президенттин ыйгарым укуктары парламент тарабынан чектелет. Бул абал, Жээнбековдун Атамбаевдин алты жылдык кызматында калыптанган тышкы саясатты радикалдуу түрдө өзгөртүүсүн татаалдаштырат.

Бир тараптан Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштар болсо стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде эки тараптуу күчтүү эрктүүлүктүн негизинде бардык тармакта оң уланып жатат. Түркия Республикасы, бүткүл мамлекеттик мекемелери жана бейөкмөт уюмдары менен Кыргызстандын мекемелешүүсүн колдойт. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, соода, аскердик, маданият, билим берүү, медицина, транспорт тармактарындагы көп жактуу байланыштар, эки жүздөн ашуун келишим жана протоколдон турган кеңири укуктук базанын алкагында уланып жатат. Эки өлкөнүн президенттери тарабынан 1997-жылы кол коюлган «Түбөлүктүү достук жана кызматташтык келишими», 1999-жылы жарыяланган «Түркия жана Кыргызстан: 21 кылымга бирге» билдирүүсү жана 2011-жылы кол коюлган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешин түзүүгө багытталган орток билдирүү, бүгүнкү стратегиялык өнөктөштүктүн негизги документтери болуп саналат.

Көп жактуу планда Кыргыз өкмөтү, Түрк кеңеши сыяктуу Түрк дүйнөсүндөгү кызматтарда орун алууда жана колдоо көрсөтүүдө. Ушул алкакта Кыргызстандын Түрк кеңешинин 5-саммити убагында түзүлүүсүнө чечим чыгарылган Көчмөндөр цивилизациясы жана спорт борборуна жетекчилик кылышы маанилүү жагдай болуп саналат. Түркия Республикасы, Борбордук Азия аймагында демократиялык жол менен бараткан Кыргызстандын ыраааттуулук жана өнүгүүсүн улантуусуна чоң маани берет. Түркия бул багытта Кыргызстанга ар түрдүү колдоо көрсөтүп келе жатат. Ушул алкакта Кыргызстанда 2017-жыдын 15-октябрында өткөрүлгөн президенттик шайлоонун тынч өтүшү Түркия тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар